Жаачы киши. Архивдик сүрөт

Көзгө атар мергенсиңби? Көчмөндөр оюндарында жаачылар кандайча мелдешет

143
(жаңыланган 21:58 16.05.2018)
Эламан Карымшаков
Адам баласы жаралып жашоо башталганы алгач аңчылыкты өздөштүргөн. Себеби ал жан сактоонун негизги булагы болчу. Адамдар ташты, союлду курал кылып колдонуп, кийин жааны ойлоп табышкан. Дүйнөлүк окумуштуулар жааны адамдар мындан 50 миң жыл мурда жасап баштаганын белгилешет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Салбуурун федерациясы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы Көчмөндөр оюндарына киргизилген спорт түрлөрүнүн эрежелерин даярдоону улантат. Бул ирет "Алыска таамай атуу" жана "Атчан жаа атуу" оюну менен тааныштырабыз.

Жаа атуу өнөрүнүн тарыхы

Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов жаа атуу өнөрүнүн пайда болуу тарыхын мындайча баяндайт.

Адам баласы жааны биздин заманга чейинки миңдеген жылдар мурун ойлоп тапкан. Аархеологиялык материалдарга таянсак, көп жерлерде таштан жасалган жебенин (октун) учтары табылган, ошондуктан окумуштууларданы көбү жаанын пайда болгон мезгилин таш дооруна такап келет.

Адегенде жааны адамдар анчылыкка кеңири колдонуп келишкен, бирок кийин жоокерчилик заман башталганда аскердик күчтүү куралга айланган. Айрыкча көчмөн элдерде жаага өзгөчө көңүл бурулуп, аны колдонуунун сырларын өздөштүрүшкөн. Бул куралдын күчү миңдеген жылдар бою евразия чөлкөмүндө согуш куралы да кызмат кылган.

Дүйнөдө жаа атуу спортту үч түргө бөлүнөт;

1. Олимпиадалык оюндардын программасындагы спорттук жаа атуу. Бул мелдешке колдонулуучу жаалар заманбап материалдардан жасалып, ага грузик, стабилизатор, мээлегичи сыяктуу жабдуулар кошулат.

2. Салттуу байыркы үлгүдөгү жаа атуу. Бул мелдеште байыркы заманда жаанын үлгүсү кандай болсо ошондой калыбында эч нерсе кошумчаланбай колдонулат. Бирок бул мелдешке колдонулуучу жааларды жасоодо заманбап материалдарды колдонууга уруксат берилген.

3. Блоктолгон жаа менен мелдеш. Бул жаа атуунун түрүндө жаалардын кермесине атайын тросс колдонулуп, жаанын эки башына чыгырык орнотулган. Буга колдонулган жаанын түрү жакынкы жылдарда эле ойлоп табылган.

Атчан жаа атуу

Бул сынакта жаачылар ат үстүндө мелдешет, минилүүчү аттарга ээр-токумдун ордуна жумшак төшөкчө басмайыл менен бекем тартылат, үзөңгү болбойт. Эрежеге ылайык жаачылар атты чаап баратып аянттын капталына орнотулган үч бутаны атып өтүшү керек. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында болуп өзүнчө өткөрүлөт.

Команданын курамы 4 эркек, 2 аял жана 1 машыктыруучу болуп 7 адамдан түзүлөт.

Ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдеш узундугу 110 жана туурасы 3 метрлик атайын жолчодо өткөрүлөт. Аталган жолчонун же тилкенин эки капталына аттын эки жакка чыкпай түз жүрүүсү үчүн тосмо орнотулат. Жаанын узун-турасы 1 метр, кармагычынын жоондугу 20 сантиметр болот. Ортодогу упай көрсөтүүчү диаметри 45 сантиметр болгон буталар жерден 60 сантиметр бийиктикке орнотулат. Буталардын арасындагы аралык 30 метрди түзөт.

Ат үстүндө жаа атуунун эрежеси

— Жаачы эрежеге ылайык атты токтотпой чапкан бойдон үч бутаны атып өтүшү керек.

— Биринчи бута ат чаап өтчү жолчодон 7 метр аралыкта, экинчи бута 10, үчүнчүсү 7 метр аралыкта орнотулат. Талап боюнча жаачы үч бутаны тең атын чаап баратып атып өтүшү керек.

— Ар бир катышуучуга 4 жолу атууга (жалпы 12 жолу) уруксат берилет.

— Жаачы жебени саадактан алышы керек, тиштеп же колго кармап алууга уруксат берилбейт.

— Эгерде жаачы жебени саадактан алып чыгып октоого үлгүрбөй калса, же атайын атпай өтүп кетсе бир упай кемип жазылат. Ал эми бардык буталарга ок чыгарып, бирок бутанын ичиндеги тегерекчеге тийгизе албаса упайы кемибейт.

— Мелдештерде атты чаптырган убактысы дагы эсепке алынат.

Жаачыларга талаптар

— Ар бир топ улуттук кийими менен чыгышы керек.

— Ар бир катышуучунун өзүнүн жаасы, саадагы жана жебелери болушу шарт.

— Универсалдык, спорттук, блоктордон турган жааларды колдонууга тыюу салынат.

— Жыгач жебелердин жана салттык жаалардын бардык түрүн колдонууга уруксат берилет.

Алыска таамай атуу

Бул мелдеште оюнчулар эркектер жана кыз-келиндер арасында болуп эки категория боюнча күч сынашат. Катышуучулардын саны чектелбейт.

Алыска таамай жаа атуу 200 метр аралыкта өтөт. Мелдештин катышуучулары калыстын командасы менен бир нече топ болуп, бир катарга тизилет да калыстын белгиси боюнча диаметри 10 метр болгон тегерекчелерди ата башташат. Тегеректин борборунда кызыл желек жайгаштырылган. Ар бир жаачы мелдешке чейин ыйгарылган катар номери боюнча өзүнүн тегерегин атышы керек.

Бир жүрүштө беш жолу жаа атылат. Эки мүнөттүн ичинде жаачы 5 жебе атышы керек.

Катышуучулардын жыйынтыгы тегерекке тийген жебенин саны менен бааланат. Түшкөн жебенин саны бирдей болгон учурда кошумча мелдеш болот.

Жаачыларга талаптар:

— Ар бир топ улуттук кийими менен чыгышы керек;

— Ар бир жаачынын өзүнүн жаасы, саадагы жана жебелери болушу шарт;

— Универсалдык, спорттук, блоктордон турган жааларды колдонууга тыюу салынат;

— Жыгач жебелерди жана эч кандай жардамчы каражаты жок кол кап менен кармагычы болбогон улуттук жааларды колдонууга уруксат берилет.

143
Белгилер:
салбуурун, жаа, курал, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (31)
Тема боюнча
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
ДКО: мыкты спортчулар "Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" кирет
Пикирлер