Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунун турнирине катышпай турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБоец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын ордуна кыргызстандык спортчу Азиз Сатыбалдиевдин күч сынашуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу жаракат алганына байланыштуу М-1 Global уюмунун Challenge 92 турнирине катышпай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалылымат агенттигине мушкердин менеджери Айбек Мусаев билдирди.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Россияда биринчи жолу UFC турнири өтөт. Анда Шевченко күч сынашышы мүмкүн
Аралаш мушташ (ММА) боюнча мелдеш 24-майда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Анда Бусурманкул Абдубаит уулу 66 килограмм салмак ченинде германиялык Саба Болаги менен беттеше тургандыгы айтылган.

Менеджер Айбек Мусаевдин айтымында, Абдубаит уулунун ордуна дагы бир кыргыз спортчусунун кармашы сүйлөшүлүп жатат.

"Бусурманкул машыгууларынын биринде мойнунан жаракат алып калгандыгына байланыштуу мелдештен четтетилди. Анын ордуна Азиз Сатыбалдиев аттуу мушкер тууралуу М-1 Global уюмуна маалымат жөнөткөнбүз. Жакынкы күндөрү расмий кабар беришет", — деди Мусаев.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн. Бул спортчунун келишимден кийинки экинчи беттеши болмок.

Биринчи кармашында М-1 Global уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивничти утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0