КРдин хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын квалификациясына кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү дивизиондун спорттук таймашы 2019-жылдын жаз айларында өтөт. Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Кувейт жана Түркмөнстан менен атаандаш болот.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы квалификациялык турнирге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Анын жыйынтыгына жараша курама команда келерки жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышар-катышпасы белгилүү болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей боюнча федерациянын вице-президенти Эльзар Болотбеков билдирди. 

Анын айтымына караганда, эгер улуттук курама команда тандоо турунан өтүп кетсе, анда 2019-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү дивизионунда ойной алат.  

"Ар бир федерация Хоккей боюнча эл аралык федерациянын талаптарына жооп бериши керек. Биз быйыл ага жеттик. Бул Кыргызстандын хоккей спортунун тарыхындагы чоң окуя ", — деди Болотбеков.

Ал Кыргызстан С тобунда экендигин, 2019-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Кувейт жана Түркмөнстан менен атаандаш боло тургандыгын айтты. 

Үчүнчү дивизиондун спорттук таймашы 2019-жылдын жаз айларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0