БИШКЕК, 28-май. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Чар-Кудук жайлоосунда марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Tien-Shan Trail Race аталышындагы мелдеш 23-июнга пландалган. Анда спорт сүйүүчүлөрү 3, 10 чакырымга чуркашса, нагыз спортчулар 21, 42 чакырым аралыкты багындырат. Жарышка чет элдик жөө күлүктөрдүн катышуусу да күтүлүүдө.
Спорттук иш-чара жеңил атлетиканы жайылтуу, тоо туризмин өнүктүрүү жана чет элдик эс алуучуларды Кыргызстанга тартуу максатында уюштурулууда.