Атаандашын тизе менен нокаутка жыккан Айдаров эми M-1 уюмунда күч сынайт

Жазылуу
Кыргызстандык Нурэлес Айдаров M-1 Global уюмундагы алгачкы кармашында атаандашын 12 секунддун ичинде, болгондо да тизеси менен нокаутка учуратып жеңип алган болчу.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча беттеш өткөргөн кыргызстандык мушкер Нурэлес Айдаров M-1 Challenge 93 турнирине катыша турганын M-1 Global спорттук уюму Instagram баракчасына жарыялады.

ММА боюнча турнир 1-июнда Россиянын Челябинск шаарында өтөт. Анда Айдаров финляндиялык Микаэль Силандерге каршы беттеш өткөрөт.

Нурэлес Айдаров аралаш мушташ боюнча үч профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү. M-1 Global уюмундагы биринчи кармашында атаандашын 12 секунддун ичинде, болгондо да тизеси менен нокаутка учуратып жеңип алган болчу. 

Ал эми финляндиялык мушкер аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 17син утуп, алтоосунда жеңилүү ызасын тарткан. Кезинде M-1 уюмунун чемпиондук курун тагынуу мүмкүнчүлүгүн алып, бирок утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0