Кыргыз футболун сагындыңызбы? Бүгүн Бакуда оюн болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Футбол федерациясы күйөрмандарды кубантып, оюн КТРКнын Спорт каналынан түз алып көрсөтүлөрүн билдирди.

БИШКЕК, 29-май— Sputnik. Бүгүн Кыргызстан менен Азербайжан курама командаларынын ортосунда футболдук мелдеш өтөт.

Оюн Баку шаарында Олимпиадалык стадиондо уюштурулуп, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

КР Футбол федерациясы күйөрмандарды кубантып, оюн КТРКнын Спорт каналынан түз алып көрсөтүлөрүн билдирди.

Кыргызстандын футбол оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футбол командасы Азия кубогуна ээ боло алабы? Букмекерлердин пикири
Бул курама команданын Азия чемпионатынын тандоо турунда ойногон ушул жылдын март айынан берки биринчи оюну. Ата мекендик футболчулар Мьянма жана Индия командаларын жеңип, биринчи жолу 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Бакуда өтө турган мелдешке FIFA рефериси Али Палабыйык жетекчилик кылган түркиялык арбитрлердин тобу калыстык кылат.

Оюндун дагы бир өзгөчөлүгү — Кыргызстан курама командасынын күйөрманы Эсеннур Алмазбеков аларды колдоо үчүн Бакуга автостоп менен жөнөгөн. Ал Азербайжандын борборуна сегиз күндө (кечээ) жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0