Зидан "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулугунан кетти

© REUTERS / KAI PFAFFENBACHГлавный тренер "Реал Мадрида" Зинедин Зидан
Главный тренер Реал Мадрида Зинедин Зидан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зидан аталган клубга башкы машыктыруучу болуп 2016-жылы келген.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулугунан кетти. Бул тууралуу Р-Спорт порталы жазды.

Футбол. Лига чемпионов. Финал. Матч Реал Мадрид - Ливерпуль - Sputnik Кыргызстан
"Реалда" сонун оюндарды өткөрдүм! Роналду клубдан кетиши мүмкүн
45 жаштагы машыктыруучу мындай чечими тууралуу атайын уюштурулган маалымат жыйында кабарлаган.

Зидан "Реал" командасынын негизги курамына 2016-жылы башкы машыктыруучу болуп келген. Анын жетекчилиги алдында команда Чемпиондор лигасын үч жолу катары менен утуп, UEFAнын суперкубогун эки жолу жеңген. Ошондой эле дүйнө чемпионатынын клубдук мелдешин бир, Испаниянын Суперкубогун бир жолу уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0