Антонина Шевченко катыша турчу UFC турниринин проморолиги жарыяланды

© Фото / Jeff SainlarКыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эң жогорку мушкердик чемпионат" (UFC) спорттук уюму кыргызстандык Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко катыша турчу тандоо турнирдин расмий проморолигин жарыялады.

БИШКЕК, 3-июн — Sputnik. Видеоанонс UFC лигасынын расмий Twitter баракчасында жарыяланды. 

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
"Тайсон" Канат Келдибеков Чеченстандын "Ахмат" лигасы менен келишим түздү
​Антонина Шевченко UFC уюмунун "Дана Уайттын талапкерлери" (Dana White"s Contender Series) аталышындагы тандоо турнирине биринчи жолу катышат.

Антонина сиңдиси Валентина Шевченко сыяктуу эң жеңил салмакта (57 килограммга чейин) күч сынашат. Беттеш 26-июнга коюлган. Атаандашы бразилиялык Силвана Гомес Хуарез болмокчу.

Мындан сырткары, 3-июлда UFC тандоо турнирине кыргызстандык Рафаэль Физиев катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0