Кыргызстандык команда FIFA рейтингинде 17 сапка төмөн түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ай мурун улуттук курама команда 75-орундан түшпөй келе жаткан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде 17 сапка ылдыйлады.

Церемония розыгрыша группового этапа Лиги чемпионов УЕФА в Монако - Sputnik Кыргызстан
ESPN дүйнөнүн атагы таш жарган спортчуларын атады
Жаңы түзүлгөн тизме уюмдун расмий сайтына 7-июнь күнү жарыяланган.

Бир ай мурун Кыргызстан 75-орунда болсо, эми 92-орунга төмөндөп кетти. Буга жакында эле Азербайжан командасынан 3:0 эсебинде утулуп калган жолдоштук беттешүү себеп болгон. Ал эми атаандаштар дал ушул жеңишинен улам 21 сапка жогорулап, рейтингде 102-орунду ээлешкен.

Сап башындагы үч команда мурункудай эле өзгөрүүсүз калды. Тизменин алдында Германия, Бразилия жана Бельгия келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0