Жээнбеков кайсы футболдук командаларга күйөрмандык кыларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Россия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен футбол боюнча чемпионаттын ачылышына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча дүйнө чемпионатында эки өлкөнүн курама командасына күйөрмандык кылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент Жээнбеков Германия менен Россиянын курама командаларына жан үрөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчиси Россия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен футбол боюнча чемпионаттын ачылышына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.

14-июнда баштала турган чемпионат 15-июлга чейин уланмакчы.

Өлкөнүн премьер-министр баштаган аткаминерлери жана коомго белгилүү адамдар кайсы командаларга күйөрмандык кыларын да билип көрдүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0