Forbes журналы эң көп акча тапкан футболчуларды атады. Алар кимдер?

© AFP / OLIVIER MORINДень рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар
День рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө оюнчулардын 2017-жылдын 1-июнунан 2018-жылдын 31-майына чейинки кирешеси эсептелген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Forbes журналы эң көп акча тапкан футболчуларды атады.

Тизменин көч башында "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси турат. Ал 111 миллион доллар таап, биринчи жолу "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналдудан ашып өттү. Роналду 108 миллион доллар тапкан. Үчүнчү орунда 90 миллион доллары менен  "Пари Сен-Жермен" клубунун форварды Неймар турат.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Саудовская Аравия - Sputnik Кыргызстан
Россиянын футбол курамасы Сауд Аравиянын "таш талканын" чыгарды
Төртүнчү орунда "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу Поль Погба (29,5 миллион доллар) туруп, алдыңкы бештикти футболчу Луис Суарес (26,9 миллион доллар) жыйынтыктайт.

Ошондой эле эң бай футболчулардын катарын "Манчестер Ситинин" чабуулчусу Серхио Агуэро (23,5 миллион доллар), ПСЖ клубунун жарым коргоочусу Анхель Ди Мария (22,6 миллион доллар), Килиан Мбаппе (22,5 миллион доллар), Тиаго Силва (22,4 миллион доллар), "Реалдын" жарым коргоочусу Хамес Родригес (22,1 миллион доллар) толуктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0