Кабыргам ажырап кетсе да мушташты уланта бердим. Тайбоксчунун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону 29 жаштагы спортчу Мирбек Сарткалмаков
Эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону 29 жаштагы спортчу Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29 жаштагы спортчу Мирбек Сарткалмаков тайбокстун беделдүү делген IFMA версиясы боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, Азия оюндарында II орунду жана Иранда өткөн президенттик кубокто коло медалды алган. Эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова Мирбек Сарткалмаковду кепке тартып, тайбокс спорту менен кененирээк таанышты.

— Жакында эле Кыргызстандын чемпионаты өтүп мыктылар тандалды. Мелдеш башталаарга чукул музыканын коштоосунда бий сымал жөрөлгө жасап жатканыңыздарды көрдүм. Ал кантип ишке ашат жана мааниси эмнеде?

— Сырттан караган кишиге кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Катышуучулар башына жана колдоруна өрүлгөн жиптерди тагып, Таиланддын салттык музыкасынын коштоосунда бийлеп реферилерге учурашат. Мааниси — калыстарга, машыктыруучуга ыраазычылык билдирип, кармашты жеңил өткөрүп алуу. Бийсиз деле өткөрсө болот, бирок, кесипкөй спортчу тайбокстун эрежелерин сыйлаш керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Сарткалмаков 2016-жылы тайбокстун беделдүү делген IFMA версиясы боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон
Чемпион Кыргызстана по тайскому боксу, мастер спорта международного класса Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Сарткалмаков 2016-жылы тайбокстун беделдүү делген IFMA версиясы боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон

— Рингге 60 килограмм менен чыгасыз. Бул категорияда атаандаштык күч болсо керек?

— Ар бир адамдын өз ырыскысы болот. Машыгып, аракет кылсаң баарына жетесиң. Атаандаштык жок өсө албайсың. Көп убакыттан бери 60 килограмм салмактагылар арасында биринчиликти бербей келем. Өзгөртөйүн деген да оюм жок. Бул ченде өзүмдү мыкты сезем. Беттешке чыкпаган күндөрү 70ке чейин толом.

— Тайбоксту сегиз буттуу спорт деп коюшат. Себеби муштум, тизе, чыканак, буттун кетменин иштетсе болот эмеспи. Сурайын дегеним, жаракатты көп алсаңыздар керек, андай ирмемдерден айта кетсеңиз.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү
— Былтыркы жабык имараттагы Азия оюндары мен үчүн ийгиликсиз өттү. Мелдешке даярданып жатканда кабыргамды кокустатып алгам. Оюн учурунда ого бетер жаракат алып, эки кабыргамды чыгарып да алдым. Ишенесизби, атаандашым менен кармашып, кыймылдаган сайын, өзгөчө бурулганда кыртылдаган үндү угуп жаттым. Акыры машыктыруучум беттешти токтотуп койду. Жаракат албасам медаль тагынмакмын деп ойлойм. Болбосо ал атаандаштар менен мурда кийин турнирлерде жолугуп жүрчүбүз. Дарыгерлерге көрүнсөм, төштөгү тутумдан (кемирчектен) кабыргалар ажырап кеткен экен. Бир айга жетпей эле кайра залга бардым.

2014-жылы өткөн Азия оюндарында тиземден жаратат алып, томуктай шишиген бут менен үч беттешти өткөргөм. Натыйжада II орунга ээ болгом. Мелдеш барандуу болгондуктан капаланган жокмун.

© пресс-служба Федерации Кыргызстана по тайскому боксуМирбек Сарткалмаков сүрөттө Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко жана спортчулар Бекжан Матысаев, Рафаэль Физиев менен
Мирбек Сарткалмаков сүрөттө Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко жана спортчулар Бекжан Матысаев, Рафаэль Физиев менен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мирбек Сарткалмаков сүрөттө Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко жана спортчулар Бекжан Матысаев, Рафаэль Физиев менен
© пресс-служба Федерации Кыргызстана по тайскому боксуСарткалмаков: Армиядан келип борбордо иштеп жүргөндө батирде чогуу жашаган балдар залга барып көрбөйсүңбү деп калышты. Биринчи машыгууда эле тайбокс өзүнө арбап алды
Сарткалмаков: Армиядан келип борбордо иштеп жүргөндө батирде чогуу жашаган балдар залга барып көрбөйсүңбү деп калышты. Биринчи машыгууда эле тайбокс өзүнө арбап алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сарткалмаков: Армиядан келип борбордо иштеп жүргөндө батирде чогуу жашаган балдар залга барып көрбөйсүңбү деп калышты. Биринчи машыгууда эле тайбокс өзүнө арбап алды
© Фото / из личного архива Мирбека СарткалмаковаТайбоксчу Сарткалмаков: көп убакыттан бери 60 килограмм салмактагылар арасында биринчиликти бербей келем
Тайбоксчу Сарткалмаков: көп убакыттан бери 60 килограмм салмактагылар арасында биринчиликти бербей келем - Sputnik Кыргызстан
3/3
Тайбоксчу Сарткалмаков: көп убакыттан бери 60 килограмм салмактагылар арасында биринчиликти бербей келем
1/3
Мирбек Сарткалмаков сүрөттө Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко жана спортчулар Бекжан Матысаев, Рафаэль Физиев менен
2/3
Сарткалмаков: Армиядан келип борбордо иштеп жүргөндө батирде чогуу жашаган балдар залга барып көрбөйсүңбү деп калышты. Биринчи машыгууда эле тайбокс өзүнө арбап алды
3/3
Тайбоксчу Сарткалмаков: көп убакыттан бери 60 килограмм салмактагылар арасында биринчиликти бербей келем

— Ата-энеңиз мындай учурларды кандай кабыл алат, дегеле үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз?

— Кыргызстандын ичиндеги мелдештерде колдоп жүрүштү. Чет жерге чыгып жаракат алганда ташта деп айтышкан. Бирок, чынын айтсам, машыгуу жок жашоо жок сыяктуу сезилет.

Көлдүн кулунумун. Ата-энем мал жана дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Үйдүн улуусу менмин. Карындашым турмуш жолунда, иним бокс менен алектенип Россияда.

— Тайбокс эмнеси менен өзүнө арбап алды?

— Атам бала кезимден эле кара жумушту көп жасатчу. Өзүм футболчу болууну самагам. Армиядан келип борбордо иштеп жүргөндө батирде чогуу жашаган балдар залга барып көрбөйсүңбү деп калышты. Биринчи машыгууда эле тайбокс өзүнө арбап алды. Спортто 10 жылдан бери жүрөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековТайбоксчу: Кыргызстанда эркектер арасында IFMA версиясы боюнча алтын байгеге ээ болгондор жок. Буюрса, мен жетейин деп ниет кылып жүрөм
Чемпион Кыргызстана по тайскому боксу, мастер спорта международного класса Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Тайбоксчу: Кыргызстанда эркектер арасында IFMA версиясы боюнча алтын байгеге ээ болгондор жок. Буюрса, мен жетейин деп ниет кылып жүрөм

— Алгачкы мелдешиңиз дале эсиңизде болсо керек?

— Биринчи машыктыруучум — Дмитрий Балуев. Учурда Россияда аралаш мушташ боюнча өткөн мелдештерге калыстык кылат. А киши сыртынан олуттуу көрүнгөн үчүнбү, башында көп сүйлөшчү эмесмин. Залга баарынан эрте келип, кеч кетчүмүн. Күндө машыгып, кээде гана эс алат элем. Машыктыруучум спортко берилгендигимди көрүп мелдештерге олуттуу даярдай баштады. Үч айдан кийин Бишкек шаарынын биринчилигине чыгып күмүш байгеге ээ болдум. Ал күн туулган күнүм болгондуктан эч унутпайм.

— 2016-жылы тайбокстун IFMA (International Federation of Muaythai Amateur. — ред.) версиясы боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынгансыз. Бул өтө жагымдуу учур болсо керек, себеби, тайбокстун аталган версиясы боюнча балдар көп ийгилик жарата албай келет?

— Мелдешке аябай кызуу даярдангам. Финалдык бөлүктөгү атаандашым туруп иштегенден күчтүү экен, мага моюндан кармап чабуул жасаган жакчу. Негизи эле Кыргызстанда эркектер арасында IFMA версиясы боюнча алтын байгеге ээ болгондор жок. Буюрса, мен жетейин деп ниет кылып жүрөм. Кыздардан эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор чемпион аталган.

© Фото / из личного архива Мирбека СарткалмаковаМирбек Сарткалмаков: экинчи машыктыруучум — Павел Федотов. Ал бизди 2011-жылдары эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор менен тааныштырган
Чемпион Кыргызстана по тайскому боксу, мастер спорта международного класса Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Сарткалмаков: экинчи машыктыруучум — Павел Федотов. Ал бизди 2011-жылдары эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор менен тааныштырган

— Мелдештин арты менен көп эле өлкөдө болсоңуз керек. Кайсы окуя көбүрөөк эсте калды?

— Таиланддык спортчулардын аракетчилдигине абдан баа бергем. Алар үчүн машыгуу жумуш жасагандай эле. Эртеден кечке машыкканы машыккан. Алар биздей кыйналып салмак куубай, канча болсо ошончо чен менен рингге чыга беришет. Мелдештерден сырткары чет мамлекеттеги машыгуулар сонун өттү. Экинчи машыктыруучум — Павел Федотов. Ал бизди 2011-жылдары эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченко менен тааныштырган. Көп жерлерде чогуу болдук. Ошондо эле кыздардын аракеттери күч болчу. Азыр эми алардын деңгээли башка. Спортчу өсөм десе, чет мамлекетке көп чыкканы туура.

— Тайбоксчулардын көбү чет мамлекетке, анын ичинен Таиланддагы спорттук уюмдар менен келишим түзүп беттештерге чыгып жатышат. Сиздин мекениңизде калып калышыңызга эмне түрткү болду?

— Сыртка чыгайын деп үй-бүлөмдү эле кыя албай жүрөм. Мен кетсем келинчегим менен үч кызым эмне болот деп сарсанаамын. Жаңы үйлөнгөн кезде машыктыруучум менен Якутияда жашап, мелдештерге катыша баштагам. Бирок жарым жылдан кийин баарына кол шилтеп, үй-бүлөмө барганга туура келди. Жакшы мүмкүнчүлүктөр бар эле, бир өкүнгөнүм ушу. Бирок жашоо-шартымды бир жаңсыл кылып алсам, бир-эки жыл Таиландда машыгып мелдештерге катышайын деген тилегим бар.

© Фото / из личного архива Мирбека СарткалмаковаТайбоксчу Мирбек Сарткалмаков: стипендия деле чеке жылытаарлык эмес. Мелдештерге чыкканга көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөн агаларыма ыраазычылык билдирем
Чемпион Кыргызстана по тайскому боксу, мастер спорта международного класса Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Тайбоксчу Мирбек Сарткалмаков: стипендия деле чеке жылытаарлык эмес. Мелдештерге чыкканга көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөн агаларыма ыраазычылык билдирем

— Биздин тайбоксчулар Бекжан Матысаев менен Арген Керимбаев учурда рингде дагы, ММА боюнча да күч сынашып жүрөт. Анын үстүнө тайбокс абдан көп ыкмага ээ, өзүңүздү аралаш мушташтан сынап көрөйүн деген ой барбы?

— Эки жылдан бери тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында алтын алайын деп даярданып жүрөм. Быйыл виза тийбей, барбай калдык. Бир иштин өтөсүнө чыккым келет. Бокстун кикбокс, бирма боксу дегендер бар. Керек болсо ошолорго да көп катыша бербейм.

— Борбордогу залдардын биринде машыктыруучу экениңизди билем. Болочок чемпиондор залга келгенде эле билинет деген чынбы?

— Бир айдын ичинде адамдын кулк-мүнөзүн, спортко болгон жөндөмүн аныктоого болот. Эки сааттык машыгууга 15 мүнөт араң чыдагандар бар. Өсөм деген бала залга эрте келип, кеч кетет. Окуучуларым көп. Чекесинен мелдештерге чыгып ийгилик жаратып жатышат. Бирөөнү баса белгилеп айтуу кыйын. Бардыгына бирдей карайм.

© Sputnik / Табылды КадырбековСарткалмаков: жаңы үйлөнгөн кезде машыктыруучум менен Якутияда жашап, мелдештерге катыша баштагам. Бирок жарым жылдан кийин баарына кол шилтеп, үй-бүлөмө барганга туура келди
Чемпион Кыргызстана по тайскому боксу, мастер спорта международного класса Мирбек Сарткалмаков - Sputnik Кыргызстан
Сарткалмаков: жаңы үйлөнгөн кезде машыктыруучум менен Якутияда жашап, мелдештерге катыша баштагам. Бирок жарым жылдан кийин баарына кол шилтеп, үй-бүлөмө барганга туура келди

— Устат-шакирт маселесин түзүү татаал деп айтышат. Балдарды тарбиялоодо кыйынчылыктар болобу?

Орзубек Назаров рингдеги сырын ачты. Кайталангыс мастер-класстын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Орзубек Назаров рингдеги сырын ачты. Кайталангыс мастер-класстын видеосу
— Кыздар менен иштешүүдө оорчулуктар бар. Коомчулукта кыз-келиндердин спортко аралашуусу дагы деле жат көрүнүштөй кабыл алынат. Былтыр бир кызым окуусуна, экинчиси ата-энесинин каршы чыкканына карап залдан кетип калышты. Мелдештерге чыгып жакшы жыйынтык көрсөтүп келе жаткан кыздар эле. Спарингге чыкканда эркек балдардан бери кокуйлатышчу. Өзгөчө буттары жакшы иштечү. Аларды деле түшүнөм, окуп билим алып, турмушка чыгышы керек. Тек гана жөндөмдөрү ишке ашпай калганына кейийм.

— Тайбокс олимпиадалык эмес спорттун түрүнө киргендиктен мамлекеттен жакшы көңүл бурулбайт. Колдоо издеген учурлар көп болобу?

— Стипендия деле чеке жылытаарлык эмес. Мелдештерге чыкканга көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөн агаларыма ыраазычылык билдирем.

Жаңылыктар түрмөгү
0