Ошто алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин мелдеши өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстандын ичинен 100дөй спортчу, ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстандын балбандары катышаары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. 24-июнда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча мелдеш өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш СССРдин спорт чебери Таштанбеков Кубанычбековдун элесине арналат.

Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү
Кыздар арасындагы турнир Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун эрежеси менен жүргүзүлүп, катышуучулар алты салмак категориясында (50, 55, 60, 65, 70, 75 килограмм) күч сынашат.

Мелдешке Кыргызстандын ичинен 100дөй спортчу, ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстандын балбандары катышаары күтүлүүдө.

Иш-чараны Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Алыш федерациясы уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0