Аркан тартыш ДКОнун спорттук түрүнө кошулду. Оюндун эрежеси

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры в Бишкеке в рамках проекта "Детский караван игр"
Национальные игры в Бишкеке в рамках проекта Детский караван игр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аркан тартыш — эки команданын билегиндеги күчүнө таянып кармашкан оюн. Бул көп элдин салттуу оюну болуп, көбүнесе элдик майрамдарда, тойлордо өткөрүлгөн. Быйыл Көчмөндөр оюндарынын спорттук түрүнө кошулду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет аркан тартыш менен тааныштырабыз.

Жалпы жобо

Чемпионат по традиционной кыргызской охоте Салбурун - Sputnik Кыргызстан
Көзгө атар мергенсиңби? Көчмөндөр оюндарында жаачылар кандайча мелдешет
Аркан тартышка чыккандардын кара күчү мол, жоон билек жана чыйрак болууcу талап кылынат. Ошондой эле оюнчулар бири-бири менен айкалышып, ыргакты жана убакытты да сезе билиши керек.

Мелдешке ар бир командадан сегизден киши чыгат. Спортчулардын негизги максаты — арканды белгиленген жерге чейин тартып баруу же атаандаштарын жаза бастыруу. Жеңишке жетүү үчүн арканды эки жолу өзү тарапка тартып өтүшү керек.

1. Спорттук кийим

Мелдештин катышуучулары атайын бекитилген спорттук кийим менен чыгышы керек. Оюндун алдында ар бири таразага түшөт.

Бут кийиминде метеллдын бөлүктөрү болбошу шарт жана такасынын калыңдыгы 6,5 миллиметрден ашпашы керек. Миздүү, учтуу така кадалган бут кийимди кийүүгө болбойт. Таманы желимден же ушул сыяктуу материалдардан болушу шарт. Башкысы тайгаланбаган, ыңгайлуу болушу керек.

2. Аркан

Тартыла турган аркандын узундугу 33,5 метрден кем болбошу кажет. Ал эми диаметри 10-12,5 сантиметр болот.

Эгерде оюн ачык талаада өтүп жатса аркандын 5 жерине тасма байланат. Бул оюнду тескеген калыска аркан кайсы тарапка тартылып жатканын байкоого жеңил болуусу үчүн жасалат. Алар төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

— Аркандын тең ортосуна бир тасма байланат.

— Борбордук белгинин эки тарабына тең 4 метр аралык менен 2 жерине байланат.

— Борбордук белгинин эки тарабына тең 5 метр аралык менен 2 жерине байланат.

— Жогоруда айтылган пунктуларга ("а", "б", "в") башка-башка түстөгү тасма байланат.

Жабык имаратта өткөн мелдеште да аркандын беш жерине белги коюлат. Алар төмөндөгүдөй:

— Бир белги аркандын борборуна коюлат.

— Борбордук белгинин эки тарабына тең 2 метр аралык менен 2 жерине байланат.

— Борбордук белгинин эки тарабына тең 2,5 метр аралык менен 2 жерине байланат.

— Жогоруда айтылган пунктуларга ("а", "б", "в") ар бирине башка-башка түстөгү тасма байланат.

3. Аркан тартыш өтчү жайдын аяты

Жайыкта аркан тартышуу өтчү аянт чөп капталган тегиз жер болушу керек. Борбордук чийин жерге белгиленип көрсөтүлүшү керек.

Ал эми жабык имараттын ичинде аркан тартышууда полго спортчулардын буту сыйгаланбай турган материал төшөө шарт.

Спорт залдын аянтынын узундугу 36 метр болушу керек.

4. Техникалык эреже

Арканды туткундаганда бир дагы оюнчу белгиден чыкпашы керек. Оюндун башында ар бир команданын биринчи катардагы оюнчусу арканды сырткы белгиге жакын кармайт. Арканда илмек же түйүндүн болушуна уруксат берилбейт. Мындан сырткары, оюнчу арканды өзүнүн денесинин кайсы бир мүчөсүнө кыса кармабашы керек.

Оюнчунун абалы

Оюнчунун ар бири арканды кадимки ыкмадаэки колунун алаканы менен кармап, оюнчунун тулку боюнун жана колунун үстүңкү бөлүгүндө турушу зарыл. Башка ар кандай ыкма аркандын эркин кыймылына тоскоолдук кылып, "кулпу" болуп, эреже бузулду деп саналат.

Оюнчунун "якорь" абалы

Топтун эң акыркы мүчөсү "якорь" деп аталат. Ал арканды белине ороп, бир ийинине артып алат. Аркандын калган бөлүгү колтуктун артына өтөт да, учу эркин болот.

Бул ыкманы команданын башка мүчөсү колдоно албайт. Эгер эреже бузса оюндан четтетилет.

5. Мелдеш учурундагы эреженин бузулушу

Отуруу — жерге атайын отуруп алса, дароо тура калбаса, оюнчу тайгаланып кетсе;

Таянуу — бутунан башка дене мүчөсү менен жерди таянса;

Кулпу — аркандын эркин кыймылдашына каршы жасалган бардык аракет;

Тороо — аркан оюнчунун тулку боюнун ортосунан жана колунун өйдө жагынан өтүп кетсе;

Дене-бойдун абалы — аркан тартуунун жеңилдетүү үчүн эрежеде каралбаган абалда болуу;

Тайгалануу — аркандын кол аркылуу өтүп кетиши;

Кайыкта сүзүү — отуруп-туруп, күү менен арканды ылдый жакка тартуу;

Машыктыруучу — таймаш учурундагы машыктыруучунун өз командасына жардам бериши;

Чабал аракет — команданын пассивдүү кармашууга өтүшү.

Оюндан четтетүү

Эгер команда бир мелдеште эки жолу эскертүү алса оюндан четтетилет. Топтун бир эле спортчусу ката кетирсе да эреже бузулду деп саналат.

6. Нааразылык

Нааразычылык катын команданын машыктыруучусу же катышуучулар таймаш бүткөндөн кийин 10 мүнөттүн ичинде бериши керек.

Нааразычылык төмөндөгүдөй учурларда айтылат:

— Команда жана оюнчулар спорттон тышкаркы аракеттерди жасап, башка оюнчулардын чыгышына тоскоолдук кылганда;

— Катышуучулардын жашы жана салмак категориясы боюнча талаптар бузулганда;

— Мелдеште машыктыруучу жана оюнчулар тартипти бузганда.

Нааразычылык катын берээрде машыктыруучу ал тууралуу башкы калыска жана каршылаш команданын жетекчилигине эскертүүгө милдеттүү. Башкы калыс оюн боюнча нааразылыктын түшкөн убактысын карап протокол толтурат.

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
ДКО салбуурунду кандай эрежеде өткөрөт? Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш
Нааразычылык жазуу жүзүндө 30 мүнөттүн ичинде протоколго камтылып берилиши керек. Бул убакыттын ичинде берилбесе кабыл алынбайт.

Башкы калыс берилген нааразычылык боюнча эки сааттын ичинде чечим кабыл алат да, натыйжасын федерацияга кабарлайт. Бул шарт эки жолу кайталаганда гана уткан болуп эсептелет. Эгерде оюн учурунда эки тараптын оюнчулары одоно эрежелерди бузса машыктыруучу 10 мүнөттүн ичинде калыска кайрылуусу керек. Кайсы жерде канчанчы мүнөттө эреже бузулганы сөзсүз калыс тарабынан протоколго киргизилиши зарыл.

7. Аркан тартыштагы жеңиш

Мелдеште аркандагы белги борбордук сызыктан өтүп кетсе, тартып кеткен команда жеңүүчү болот. Мындан сырткары, каршылашы борбордук калыс аркылуу оюндан четтетилсе утту деп саналат.

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарыхы 2400 жылдан ашат. Хандардын акылын калчаган тогуз коргоолдун эрежеси
Мелдеште 2:0 эсеби менен жеңген команда үч, жеңилгени нөл упайга ээ болот. Бир аркан тартышта жеңген команда бир упай алат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Аркан тартып бүткөндөн кийин согуштун планын үйрөткөн ордо оюнунун эрежесин билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0