"Спортко кошул": Бишкекте ири спорттук фестиваль өтөт

© Sputnik / Михаил ДудинДөлөн Өмүрзакөв атындагы башкы стадион. Архив
Дөлөн Өмүрзакөв атындагы башкы стадион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалыктын алкагында спорттук товарлардын, федерация, клубдардын жарманкеси жана көргөзмөсү болот.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаада бир нече спорттун башын бириктирген "Спортко кошул" аталышындагы фестиваль өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Иш-чара 23-июнда Дөлөн Өмүрзакөв атындагы башкы стадиондо өтөт.

Национальные игры в Бишкеке в рамках проекта Детский караван игр - Sputnik Кыргызстан
Аркан тартыш ДКОнун спорттук түрүнө кошулду. Оюндун эрежеси
Алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан спорттук майданда фитнестин зумба, тае-бо, аэробика түрлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле 100 метр аралыкка чуркоо, түртүнүү жана турникке тартылуу сыяктуу спорт түрлөрү бар. Эстафета жыйынтыкталган соң балдар үчүн оюндар өткөрүлөт.

Саамалыктын алкагында спорттук товарлардын, федерация, клубдардын жарманкеси жана көргөзмөсу болот.

"Иш-чара жаңы форматта уюшулуп жатат. Фестиваль спорттук мекемелердин ортосундагы достук мамилени чыңдайт деген үмүттөбүз. Катышуучулар саамалыктын алкагында өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кенен тааныштырып, спорт өкүлдөрүнүн бири-бири менен алака түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалды Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кыргыз Жаш-Күч" коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0