Баш көтөрткөн жок! Бельгиянын футболчулары тунистиктерди утуп кетти

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБельгиянын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк мелдеште Тунисти 5:2 эсебинде жеңип алды
Бельгиянын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк мелдеште Тунисти 5:2 эсебинде жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда болду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк мелдеште Тунисти 5:2 эсебинде жеңип алды.

Болельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Германии и Мексики - Sputnik Кыргызстан
Кызыктар эми болчудай... Футбол чемпионатын ким жеңет?
Оюн башталгандан алты мүнөттөн кийин биринчи топту белгиялык команданын оюнчусу Эден Азар киргизип, ал ийгилигин 51 мүнөттө кайталады. Андан сырткары Ромелу Лукаку дагы эки упай топтоп берди. Акыркы бешинчи голу Миши Батшуайи киргизди.

Беттештин аяктаарына 18 мүнөт калганда Тунистиктердин намысын коргогонго аракет кылган Дилан Бронн бельгиялыктардын дарбазасына бир топ киргизди. Дагы бир упайды Вахби Хазри топтоду. Ошентип оюн, бельгиялыктардын пайдасына аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0