Боксчу Азат Усеналиев Монголияда үч мушкерди жер каратып, алтын утуп алды

© пресс-служба ГАМФКиСМеждународный турнир по боксу "Ulanbaatar Cup-2018"
Международный турнир по боксу Ulanbaatar Cup-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер рингде 52 килограмм салмак ченинде күч сынашып келет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Монголиядагы эл аралык Ulanbaatar Cup-2018 турниринде алтын байгеге ээ болгондугун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Бокс боюнча мелдеш 19-25 июнь күндөрү Улан-Батор шаарында өткөн.

Анда 52 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Усеналиев мелдештин жеңүүчүсү аталган. Кыргызстандык мушкер биринчи кармашында түндүк кореялык Ким Унг Сонгду, экинчи беттешинде монголиялык Гангхуанг Ганэнердени, ал эми финалда түштүк кореялык Хисоп Лини жеңип алган.

Турнирге Монголия, Россия, Казакстан, Индия, Кытай, Таиланд, Түштүк жана Түндүк Корея, Иран, Тайпей жана Кыргызстандын мушкерлери катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0