Россия командасы Уругвай футболчуларынан көп айырма менен жеңилип калды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФубол боюнча дүйнө чемпионатында Россиянын курама командасы уругвайлык футболчулардан жеңилип калды
Фубол боюнча дүйнө чемпионатында Россиянын курама командасы уругвайлык футболчулардан жеңилип калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн “А” тобунда эки жуп команда беттешке чыкты

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Фубол боюнча дүйнө чемпионатында Россиянын курама командасы уругвайлык футболчулардан жеңилип калды. 

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАлгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду
Алгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Алгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду
© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЭкинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды
Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды.
Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды.
1/3
Алгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду
2/3
Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды
3/3
Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды.

Алгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду. Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды. Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды. 

Нападающий ФК Реал Мадрид Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Футбол чемпионатындагы эң келишимдүү оюнчулардын сүрөттөрү
“А” тобундагы беттеш Самара шаарындагы “Самара-Арена” стадионунда өттү. Ушул эле учурда Волгоград калаасындагы “Волгоград Арена” стадионунда Сауд Аравия менен Египет командалары оюн өткөрдү. Алардын беттеши 2:1 эсебинде аравиялыктардын жеңиши менен аяктады. 

Оюндун 22-мүнөтүндө египеттик Мохамед Салах эсеп санын ачса, 45-мүнөттө Сауд Аравиянын футболчусу Салман Аль-Фарадж пенальти тээп гол киргизе эсепти теңдеди. Оюндун аягында дагы бир оюнчусу Салем Аль-Досари командасына утушту камсыздап берди. 

Россиянын футболчулары буга чейин Сауд Аравия жана Египет командаларын артта калтырган. Уругвай да ушул эле эки өлкөнүн оюнчулары менен кезигип жеңип алган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0