Өз атымды чыгарам! Антонина Шевченконун UFC мелдешиндеги проморолиги чыкты

© Фото / Roger AllenКыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антонина UFC менен келишим түзүп, негизги таймаштарга чыгуу үчүн "Дана Уайттын атаандаштары" (Dana White"s Contender Series) турниринде күч сынашат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Видеоанонс UFC уюмунун Twitter тармагындагы расмий аккаунтуна жарыяланды. Анда спортчу жашоосу, спорттогу жетишкендиктери жана өз атын чыгаруу боюнча кыялданып жүргөн учурлар тууралуу айтып берет.

"Менин жашоом толугу менен согуш искусствосу. Мен кармаш аянтынын босогосун жети жашымда аттагам. Ошондон бери Павел Федотовдун кол алдында машыгып келем. Бир тууганым Валентинанын ийгиликтерин көргөн күйөрмандар менден дагы ошол нерселерди күтө башташты. Өз атымды чыгарыш үчүн талыкпай күрөшөм", — деди спортчу.

Валентина Шевченконун эжеси Антонина UFC менен келишим түзүп, негизги таймаштарга чыгуу үчүн "Дана Уайттын атаандаштары" (Dana White"s Contender Series) турниринде күч сынашат. Андаш тышкары, аталган уюмга кирүү үчүн ММА мушкери, кыргызстандык Рафаэль Физиев дагы аракет кылып жатат. Анын тандап алуу таймашы 3-июлга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0