Физиев визанын айынан UFC келишими үчүн болгон беттешке катышпай калды

© Фото / Facebook / ROAD FCТайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев
Тайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Физиев UFC турниринин Лас-Вегаста боло турчу тандоо турниринде күч сынашпайт.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Рафаэль Физиев Dana White"s Contender Series турниринин жаңы сезонуна виза маселесинен улам катыша албайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Физиев UFC уюмунун тандоо турниринде промоушендин келишими үчүн мушташышы керек болчу. Беттеш 10-июлга белгиленип, ал америкалык мушкер Жои Гомес менен күч сынашмак.

"Тилекке каршы виза берүүнүн мөөнөтүнөн улам 10-июлда Лас-Вегаста боло турчу Dana White"s Contender Series турнирине катыша албайм. UFC мага жакынкы аралыкта дагы беттеш уюштуруп берүүгө аракет кылат. Бардыгы ойдогудай болот деп үмүттөнөбүз", — деди мушкер.

Физиев былтыр февраль айында болгон беттеш учурунда атаандашынан "Матрица" киносундагы Неодой буйтап көрөрмандардын эсинде калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0