Кыргызстандын спорт журналисттери көл жээгинде күч сынашат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүI Европейские игры. Пляжный футбол. Второй день
I Европейские игры. Пляжный футбол. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 2-июль спорт журналисттеринин күнү катары белгиленет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринде спорт журналисттеринин күнүнө арналган мелдеш өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдеш бүгүн, 30-июнда башталып, 3-июлда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү
Программада мини-футбол, көл жээгиндеги волейбол, тогуз коргоол, аркан тартыш жана жаш курак боюнча нормативдерди тапшыруулар каралган.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында журналисттер мамагенттиктин өкүлдөрү менен жолугуп, алдыдагы пландар тууралуу сөз кылышат.

Быйыл спорт журналисттеринин мелдеши төртүнчү ирет өтүп жатат. Максаты — ЖМКлар арасындагы мамилени чыңдап, спортту жайылтуу.

Иш-чараны уюштуруу үчүн өкмөткө караштуу Мамагенттиктен 400 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0