Россияны чейрек финалга чыгарган ирмемдер жана элдин сүрөөнү. Видеолор топтому

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын футбол күйөрмандары
Россиянын футбол күйөрмандары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү дүйнө чемпионатынын алкагында Москва шаарынын “Лужники” стадионунда өткөн Россия менен Испания командаларынын беттеши орустардын жеңиши менен аяктап, россиялык футболчулар чейрек финалга чыкты.

Оюн Бишкек убактысы менен саат 20.00дө башталды. Негизги беттешүү 1:1 эсеби менен аяктагандан кийин кошумча убакыт берилип, ал да чекит кое алган жок. Натыйжада пенальти сериясынан кийин 4:3 эсеби менен РФ командасы жеңишке жетти. Мында россиялык дарбазачы Игорь Акенфеевдин эмгеги зор болгонун белгилей кетүү ашыктык кылбайт.

Ал эми чемпионатты өткөрүп жаткан Россия эли командасын болуп көрбөгөндөй сүрөөнгө алды.

Акенфеевдин топту тосуп калышы Воронеж шаарынын тургундарын чоң кубанычка бөлөдү

Ростов-на-Дону шаарындагы күйөрмандардын кыйкырыгынан кулак тунгудай болду.

Севастополдуктар да ар бир футболчунун оюнун көз жаздымда калтырган жок.

Калининграддын футбол ышкыбоздору РФ командасын сүрөөнгө алууда.

Жалпы элдик майрамдык шаңдан Самаранын тургундары да четте калган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0