Оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты. Архивдик сүрөт

Өгүз өлбө, араба сынба. Кыргызстандагы спорт журналистикасынын абалы

2889
(жаңыланган 14:37 10.07.2018)
Бүгүн 2-июль — Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924-жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишин чагылдырып, көйгөйлөрдү жарыялап келет.

Ал эми кыргыз спорт журналистикасынын учурдагы абалы кандай? Бул тармактагы озуйпасын аткарып жатабы? Кандай көйгөйлөрү бар? Бул суроолордун тегерегинде Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, колумнист Кабыл Макешов ой жүгүрттү.

AIPS деген эмне?

Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелет. AIPS Пьер де Кубертен уюштурган олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. AIPS өзүнүн иши менен коомчулукту жыл сайын тааныштырып, төрт жылда бир отчёттук кайра шайлоо конгрессин өткөрүп турат. Дүйнөлүк спорттук журналисттер уюмун мурда Фрэк Тейлор (Англия), Тугай Баятлы (Түркия) сыяктуу белгилүү журналисттер жетектеп келген. Учурда AIPSти Италиянын атактуу "La Gazzetta delo Sport" басылмасынын баяндамачысы, спорт ишмери Жани Мэрло жетектейт.

Кыргызстандын спорттук журналисттер федерациясы бул ассоциацияга 1995-жылдан бери мүчө.

Көз жаздымда калып келген спорт темасы

Чынында СССР доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит-журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип, бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.

Учурда деле жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей келүүдө. Атайын курстарды уюштурууга да көңүл бурулбайт. Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит, журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Бирок өлкөдө ушу тапта бирин-экин спорттук гезит болгону менен каражаттын жоктугунан же демөөрчүлөр колдоого албагандыктан бир жылга жетпей ындыны өчүп калып жатат. Кыргызстандын тарыхында бир дагы толук түстүү спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадио каналдары деле спорттук берүүлөргө эми гана маани берип, “Спорт” каналы жаңы ачылып спорт тармагын “жиликтеген” журналисттерге муктаж болуп турган чагы. Дасыккан адистердин жоктугу учурда Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатын чагылдырууда айкын байкалып калды.

Баасы жок басылмалар

Баса, 1991-жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кыргыз жана орус тилдеринде чыккан "Байге" аттуу спорттук гезитти жетекчилер колдоого албагандыктан, бир жылдан кийин жабылган. Андан жети жылдан кийин жарык көргөн "Спортивный Кыргызстан" гезити деле каражаттын айынан чыкпай калган. Учурда кыргыз тилинде "Топ.kg" аттуу гезит россиялык, чет өлкөлүк маалыматтарды которуп, кыргыз спортун учкай гана чагылдырып, анда-санда каражатына жараша чыгып келе жатат. Ал деле спорт коомчулугун толук камтый албай, орус тилинде чыккан чет элдик гезиттерден макалаларды которуп берүү менен чектелип келүүдө. Ал эми орус тилинде  "Sport.kg" аталыштагы гезит чыгып келатып, кендирди кескен каражаттын айынан чыкпай, электрондук интернет сайт менен маалыматтарды жарыялап жүрөт. Алар деле Россиянын гезиттеринен кызыктуу макалаларды "көчүрүп" колдонуп жүргөнүн моюнга алыш керек. Андагы маалыматтар менен ушундай аталыштагы интернет-сайттан да таанышууга болот.

Ошондой болсо дагы эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштүктөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.

Спорт журналистинин абалын сураган киши барбы?

Чынында спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер бул тармактын жүгүн өз демилгеси менен чама-чаркына жараша көтөрүп келе жатышат. Ошондой болсо дагы өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан, ал түгүл Тажикстандан да төмөн. Себеби, бул өлкөлөрдө бир нече спорт гезит, журналдары бар. Аларды өкмөтү колдоого алып, каражаттан жардам берип, бутуна туруп калышкан. Спорт тармагы оңой көрүнгөнү менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, спорт дүйнөсү тууралуу билим керек. Ошондой эле спорт журналисттери үчүн мелдеш, өлкө чемпионаттары, эл аралык турнирлер учурунда иштөөгө шарт жок.

Учур талабына жооп бербеген деңгээл

Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли да учур талабына жооп бербейт.  Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого албай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине талдоо жүргүзүлбөйт. Журналисттер борбордогу мелдештерди жазуу менен гана чектелип, региондордогу спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн Улуттук олимпиада комитети жана Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттиги, федерациялар менен бирдикте семинар-кеңешмелерди өткөрүп, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруусу зарыл.

Кыргызстанда  1995-жылы спорт журналисттеринин федерациясы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымын кошуп келүүдө. Учурда федерациянын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын спорт журналисттери арасында кичи футбол, боулинг мелдештери өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлык тапшыруу салтка айланган. Эки-үч жылдан бери Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттиги менен бирдикте Чолпон-Ата шаарында  30дан ашуун спорт журналисти үчүн футзал, кол күрөш, таяк тартыш, сууда сүзүү, аркан тартмай, стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо колдоого алаарлык көрүнүш. Бирок мелдешип гана тим болбостон тажрыйбалуу журналисттер мастер-класс өтүп, семинар-кеңешмелер да уюштурулса натыйжалуу болмок…

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

2889
Белгилер:
гезит, журналистика, спорт, Кабыл Макешов
Тема боюнча
Мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак... Каман алптын тукуму Раатбек Санатбаев тууралуу
Кызыктар эми болчудай... Футбол чемпионатын ким жеңет?
Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченконун соңку беттешинде алган гонорары айтылды

385
Узаган жумадагы UFC турниринде кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кармашып, утулуп калган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы UFC on ESPN 9 турнирине катышкан спортчулардын гонорары тууралуу маалымат таратканын MMA Fighting басылмасы жазды.

Спорттук иш-чара узаган аптада Лас-Вегастагы UFC Apex аренасында болду.

Беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калган. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

Турнирдин башкы беттешинде 77 килограмм салмактагылар арасында мурдагы чемпион Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс беттешип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш Бернске буюрду.

Жарыяланган маалыматтар боюнча, Шевченко акыркы кармашы үчүн 35 миң доллар алган. Анын атаандашы бул турнирде эң көп гонорар алгандардын бири болгон. Сый акысынын көлөмү 120 миң долларды (беттешкени үчүн 60 миң доллар, ушунча эле каражат жеңиш үчүн) түзөт.

Турнирде эң көп акча алган мушкер Гилберт Бернс болуп, 218 миң долларга ээ болду. Ушул сумманын 84 миң доллары беттешкени менен жеңишке жеткени үчүн, 50 миңи болсо мыкты кармаш тартуулаганы үчүн берилген.

Мурдагы чемпион Тайрон Вудли 200 миң доллар тапкан. Эгер ал жеңишке жетсе, 350 миң доллар алмак.

385
Белгилер:
сый акы, гонорар, беттешүү, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс. Архив

UFC уюмунун эң мыкты мушкери Жон Жонс наамынан баш тартууда. Себеп

237
(жаңыланган 15:20 01.06.2020)
Жон Жонс спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн уюмдун башчысынан 30 миллион доллар сураганы айтылууда. Бирок мушкер Дана Уайттын айткандарын төгүндөдү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс орточо оор салмак категориясындагы чемпиондук наамынан баш тартууда. Бул тууралуу америкалык мушкер Twitter баракчасында билдирди.

"Менин категориямда Доминик Рейес менен Ян Блаховичтин ортосунда чемпиондук беттеш уюштургула. Мага алар менен беттешүү эч нерсе деле бербейт. Кийинки жылы мени менен оңой беттеш өткөрөм десеңер кабар берип койгула. Ал убакта гонорар камдалуу болот деп ишенем", — деген Жонс.

Мушкерден бул билдирүү чемпиондук наамдан баш тартып жатканын билдиреби деп сурашканда, ал "ооба" деп жооп берген.

Бир нече убакыттан кийин ал айткандарын тастыктаган пост жазган.

"Жонс кетип жатат! Эгер мени көчөдөн көрүп калсаңар, жөн гана ЖЖ (JJ) деп чакыргыла", — деген ал.

ЖМКлардын жазганына караганда, анын бул чечимине спорттук уюмдун президенти менен урушуп кеткени себеп. Өткөн жумада Жон Жонс менен UFC көзүрү Дана Уайт алдыдагы беттешти уюштуруунун алкагында сүйлөшүп жатып бир пикирге келе албай коюшкан. Анда Жонс дагы бир белгилүү спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн Уайттан эң ири делген 30 миллион доллар сураганы айтылат. Бирок чемпион UFC башчысын калпычы деп атап, уюмдан кетип каларын айтып коркуткан.

237
Белгилер:
кур, чемпион, гонорар, беттешүү, уруш, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

20
(жаңыланган 01:05 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

20