Чемпиондор кантип жылдыз болот? Спорт журналисттеринин парады

© пресс-служба ГАМФКиССоревнования среди спортивных журналистов "Кочевник"
Соревнования среди спортивных журналистов Кочевник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу спортчуларды көргөндөр "кантип белгилүү болом?" деген суроону бербей койбойт. Ооба, талыкпаган эмгек, талант, жөндөм керек. Бирок жеңиш менен ийгиликти журналисттер элге жеткирмейин аны жараткан спортчулар көмүскөдө кала берет.

Эки күн мурда, тагыраагы, 2-июлда спорт журналисттери кесиптик майрамын белгиледи. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорт журналистикасына эмгеги сиңген, активдүү, мындан сырткары, жаш болсо да аракети күч кызматкерлерди элге тааныштары өтүүнү эп көрдү.

Канай Аламанов — спорт журналисттеринин аксакалы, 80 жашта. Кесиби — киноинженер. КТРде иштеп жүргөндө операторлук ишке кызыгып, кийинчерээк автордук берүүлөрдү алып бара баштаган. Былтыр "Спортивная мозаика" программасына 25 жыл толду.

Александр Шепеленко 43 жылдан бери "Слово Кыргызста"н (мурдагы "Советская Киргизия") гезитинде иштейт. Спорттук үй-бүлөдөн. Өзү футбол жатак мектебинде окуган. Окуучу кезинен тарта гезитке спорт маалыматтарын жаза баштаган. Учурда 69 жашта.

36 жаштагы Ксения Толканева Sport.kg маалымат агенттигинин журналисти, "Дордой" футбол клубунун фотографы. 2007-жылы маалымат агенттиктердин биринде иштеп жүргөндө редактор спорт кабарларын жазууну тапшырат, агезде Ксения жүздөгөн чемпиондорду чагылдыра тургандыгын билген эмес.

Табылды Асыгалиев — 1998-жылдан бери Көк бөрү федерациясынын баяндамачысы. 60 жашынын жыйырма жылын спорт журналистикасына арнап, ар кайсы ЖМКда эмгектенген. Крупская атындагы спорт мектептин футбол бөлүмүнөн билим алган.

Асан Жунусов — "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу катчысы, спорт кабарчысы. 7-класста футболго берилип кетет. Университетти бүткөндө радиодо спорт темаларын чагылдыра баштаган. Гезиттерде 1996-жылдан тарта иштеп баштаган. 60 жашта.

Гулиза Авазова студент кезинде төрт жыл машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун колунда кикбокс менен алектенип, мелдештерге да катышкан. Сегиз жыл мурда кокусунан резюмесин Sport AКИpress маалымат агенттигине жиберип өтүп кетет да, бир жарым жыл иштейт. Андан кийин "Вечерний Бишкек" гезитинде спорт тууралуу жазып алты жыл эмгектенген. Учурда Barometr.kg маалымат агенттигинин кабарчысы, спорт темаларына жооптуу. Жашы 30да.

Сурат Жылкычиев — фехтование боюнча 1-разряддагы спортчу, тогуз коргоол боюнча спорт чеберине талапкер, ал эми ордо боюнча спорт чебери. Мындан сырткары, футбол ойноп, узун аралыкка чуркап, күрөшүп келген. 2004-жылы "Агым" гезитининин редактору Мелис Эшимкановдун сунушу менен спорт журналисти катары жумушка кирет. Учурда "Азия Ньюс" гезитинин спорт баяндамачысы. 59 жашта.

Кабыл Макешов 57 жашта. Жашында эркин күрөш, жеңил атлетика жана лыжа менен чуркоо менен машыккан. "Азаттык" радиосунда 20 жылга чукул стрингер болуп иштеген. Учурда ИИМдин "Бетме-Бет" гезити менен "Кыргыз милициясы" спорттук баяндамачы. Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан маалымат агентигинде колумнист. 10 ирет Олимпиада оюндарын (6 жайкы, 4 кышкы олимпиадага) чагылдырган.

50 жаштагы Тахир Гафуров НБТ телеканалынын кызматкери, 20 жылдан бери "Спорт-Микс" берүүсүн алып барат.

Гүлжан Турдубаева — ЭЛТР телеканалынын жүзү, беш жылдан бери калкты спорт кабарлары менен камсыздап келет. Жаңылыктардан сырткары "Спорт Гид" берүүсүн алып барат.

Иван Марченко 30 жашта. 24.kg маалымат агенттигинде эмгектенет. 2010-жылы аталган агенттиктин спорт журналисти жумуштан кетет, бул убакта Ивандын келгенине жарым жылдан ашкан, туруктуу темасы жок кабарчы эле. Жаш жигитке спорттук журналист болууну жетекчи тапшырат.

29 жаштагы Бакыт Шүкүралиев бала кезинен футболго кызыгып, ойноп келет. Достору көчө сапырып жүргөндө Бакыт дүйнө чемпионатына көз салып үйдө отурчу. Мектепте, университетте дептерине мелдештин жыйынтыктарын жаза берчү. 2011-жылы Sport АКИpress маалымат агенттигине журналист керек дегенде дароо макулдугун берген.

28 жаштагы Жанара Эсенова СТВ телеканалынын спорт журналисти. "Таңкы СТВ", "Спорт Life" берүүлөрүн алып барат. Үч жыл мурун спорт кабарларын жазуу жан дүйнөсүнө жакын экендигин түшүнгөн.

27 жаштагы Адилет Керимбеков бала чагынан спортко абдан кызыгат. Алты жылдан бери Super.kg порталынын кабарчысы, кийинчерээк редактору болгон.

Бексултан Усеналиев үч жылдан бери КТРК Спорт каналында эмгектенет. Коомчулукка комментатор катары таанымал, "Арена", "Pro бокс" берүүлөрүн алып барат. Спортко бала чагынан кызыгуусун атасы арттырган. 22 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0