Марадона менен Пеле эмнеден жаңылды? Чеберчиликти сыноочу чейрек финал

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБразилия - Мексика беттеши. Архив
Бразилия - Мексика беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф таймаштары аяктап, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Футбол чемпионаты кары-жаш дебей баарын арбап, бүйүрүн кызытып жогорку деңгээлде өтүп жатат.

Футбол күйөрмандарды сүйүнткөн да, күйүнткөн да мелдештин эң кызыгы дале алдыда. Айрым футбол адистеринин божомолдору да оңунан чыкпай, чемпион болот деген командалар жыдып калды. Чейрек финалга чыккан командалардын дарамети, мурдагы ийгилиги, учурдагы абалы тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов кеп салып бермекчи.

Мыктылар иргелип, чейрек финалда таймашуучу командалар анык болду. 6-июлда Уругвай менен Франция, Бразилия менен Бельгия, 7-июлда Россия менен Хорватия, Швеция менен Англия командалары күч сынашканы турат.

Уругвай — дүйнөнүн алгачкы чемпиону

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУругвай курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Уругвай - Португалия - Sputnik Кыргызстан
Уругвай курама командасы

1930-жылы алгач ирет ФИФА дүйнө чемпионатын Уругвай өлкөсүндө өткөрүп, ага 13 команда катышып, финалга Аргентина менен чыгып, уругвайлыктар атаандаштарын 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын алгачкы алтын медалын тагынган. Андан кийин дагы 1950-жылы Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында да бразилиялыктарды 2:1 эсебинде жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болушкан. Мындан сырткары үч жолу (1954, 1970, 2010) коло байгени колдон чыгарып, төртүнчү орунга илинген. Россиядагы чемпионатта уругвайлыктардын жолу шыдыр болуп, "А" тобунда Сауд Аравия, Россия жана Египет өлкөлөрүн утуп, плей-оффто Португалияны 2:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. Футбол адистеринин баамында, бул ирет Францияны утуп алып, жарым финалга чыгышы мүмкүн.

Өз жеринде чемпион болгон Франция

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүФранция курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Франция курама командасы

1998-жылы Франция өлкөсүндө футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, финалда Бразилияны 3:0 эсебинде утуп, алтын байге алышкан. 2006-жылы Германияда өткөн дүйнө биринчилигинде да финалга чейин жетип, негизги жана кошумча убакытта 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальти сериясында италиялыктардан жеңилип экинчи болушкан. Ал эми 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында француздар коло байге үчүн таймашууда Бельгия командасын уткан. Россиядагы беттешүүлөрдө "С" тобунда Австралия жана Перуну утса да Дания менен тең чыккан. Плей-оффто Месси баштаган Аргентина командасын үйгө кетүүгө аргасыз кылышты.

Дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилиянын тагдыры не болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБразилия курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Мексика - Sputnik Кыргызстан
Бразилия курама командасы

Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бразилиялыктар дале табында экенин далилдөөгө аракет кылып жатышат. Алар "Е" тобунда Коста-Рика менен Сербияны утуп, Швейцария менен тең чыккан. Плей-оффто Мексиканы 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолун ачты. Баам салмак, алар 1958, 1962, 1970, 1994, 2002-жылдары чемпион болуп, 1950, 1998-жылдары финалга чейин жетип, Уругвай менен Францияга утулуп, күмүш байгелүү болсо, 1938, 1978-жылдары үчүнчү орунду камсыз кылышкан. Ошондой эле 1974, 2014-жылдары Польша менен Голландияга утулуп, коло байгени колдон чыгарып, төртүнчү орун менен чектелген. Айрыкча 2014-жылы өз жеринде Голландияга 3:0 эсебинде утулуп, коло байгеден куру калганда катуу намыстанып, Неймар Россияда дүйнө кубогун утушубуз керек деген. Эми Бельгияны утуп, жарым финалга чыга алабы? Аны алдыдагы таймашуулар көрсөтөөр…

Дүйнө кубогун самаган бельгиялыктар

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБельгия курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония - Sputnik Кыргызстан
Бельгия курама командасы

Бельгия командасы ушуну менен 15-дүйнө чемпионатына катышып жатса да бир дагы ирет байгелүү орунга илинген эмес. 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында коло байгеге талапкер болуп, Франция менен беттешип, кошумча убакытта 4:2 эсебинде утулуп, төртүнчү орунга түшүп калган. 2014-жылы Бразилиядагы таймашууларда дагы чейрек финалга чейин жетип, жыдыган. Ал эми Европа чемпионатында күмүш жана коло байгелүү болсо, 1920-жылы олимпиада чемпиону аталган.

Россиянын ийгилиги, күйөрмандардын кубанычы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРоссия курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Испания - Россия - Sputnik Кыргызстан
Россия курама командасы

Футбол адистери да башында чемпионатка үй ээси катары кыйналбай түз жолдомо алган Россияга ишене бербей, өз тобунан чыгарынан күмөн санашкан. СССР урагандан бери үч жолу дүйнө чемпионатына катышып, бул өлкө үчөөндө тең тайпадан ары өткөн эмес. Бирок ушул ирет үй ээси катары беттешүүлөрдү ийгиликтүү баштап, алгач Сауд Аравияны 5:0, андан соң Африканын чемпиону аталган Египетти 3:1 эсебинде жеңип, үмүт жандырган эле. Тайпалык акыркы оюнда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвайга жеңилгенине карабай кийинки турга өткөн. Плей-оффто Европадагы мыкты командалардын бири, 2010-жылы дүйнө чемпиону болгон Испания менен негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальти менен 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алганы жомоктогудай окуя болду. Ошентип Россиянын тарыхында алгач ирет дүйнө чемпионатында мурда болуп көрбөгөндөй ийгилик жаралып, күйөрмандар чексиз кубанычка бөлөндү. Бул кубаныч канчага созуларын 7-июлда Сочи шаарында өтчү Хорватия менен болгон чейрек финал беттеши аныктайт.

Хорваттар оңой жоо эмес.

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүХорватия курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Хорватия - Дания - Sputnik Кыргызстан
Хорватия курама командасы

Россиянын чейрек финалдагы атаандашы Хорватия командасынын таскагы да дурус, даярдыгы да мыкты экенин мелдештер көрсөттү. Алар "Д" тайпасында Аргентина, Исландия жана Нигерия командаларын ишенимдүү утуп, 9 упай менен лидер болгон. Плей-оффто Дания менен негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальтиден чейрек финалга чыгышты. Хорваттар 1998-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет эгемен өлкө катары катышып, Голландияны 2:1 эсебинде утуп, коло медаль тагынган. Мурда Югославиянын курамында болгондуктан, 1996-жылда бери гана Европа чемпионатына өз алдынча эгемен өлкө катары катышып келүүдө. 2000-жылы тандоо турунан өтпөй калышкан. 1996, 2008-жылдары чейрек финалда ойногон. Алар быйыл 6-ирет дүйнө биринчилигинде ат салышууда. Хорватия командасынын капитаны, Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич баштаган футболчулар Россияны утуп алышы мүмкүн деген божомолдор бар. Футбол күйөрмандары бул ирет аларды үмүт жандырган "алтын муун" деп аташты. Ага коргоочулар Деян Ловрен, Ведран Чорлука, Шиме Врсалько, жарым коргоочулар Иван Ракитич, Лука Модрич, Матео Ковачич жана чабуулчу Марио Манджукич кирет. Андыктан бул курамды жарым финалда көрүү кыялы өтө деле аша чапкандык болбойт.

Швеция да дүйнө чемпиону болууга дилгир

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүШвеция курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Швейцария - Sputnik Кыргызстан
Швеция курама командасы

Чейрек финалга чыккан командалардын бири — Швеция. Алар 1934-жылдан бери 12 ирет дүйнө чемпионатына катышып, 1958-жылы финалга чейин жетип, 5:2 эсебинде Бразилияга утулуп, күмүш байгелүү болушкан. 1950-жылы Бразилияда өткөн дүйнө биринчилигинде Испанияны 3:1 эсебинде утуп, коло медаль алышкан. Ал эми 1994-жылы да АКШда өткөн чемпионатта Болгарияны жеңип, экинчи ирет коло байге алган. Бул ирет тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен Мексиканы утканы менен Германияга утулуп калышкан. Оңдой берди болуп, плей-оффто Швейцарияны 1:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алышты. Баса, шведдер 1948-жылы Лондондо олимпиада чемпиону болгонун, 1924-жылы Парижде, 1952-жылы Хельсинкиде өткөн олимпиадалык оюндарда коло байге утканын да айта кетели. Россияга командасын баштап келген "Хельсингборг" клубунун борбордук коргоочусу, өлкөсүнүн тандалма командасынын капитаны Андре́ас Гра́нквист дүйнө чемпионатында алтын байге алууга абдан дилгир болуп турат. Ажеп эмес.

Англия оңой менен алдыра койбос

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАнглия курама командасы
Футбол. ЧМ-2018. Матч Колумбия - Англия - Sputnik Кыргызстан
Англия курама командасы

Жаңы доордо футболдун мекени Англия деген менен алар 1966-жылы гана өз жеринде гана жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөн. Ал эми 1990-жылы Италияда өткөн биринчиликте коло байгени талаа ээлерине алдырып жиберишкен. Ошондой эле ушуга чейин Англия бир дагы ирет Европа чемпиону болгон эмес. Алар 1968, 1996-жылдары Европа чемпионаттарында үчүнчү орунду камсыз кылышкан. Россиядагы таймашууларда алар тайпалык оюндарда Панама менен Тунисти утканы менен Бельгиядан жеңилүү ызасын тартып калышкан. Ал эми плей-оффто Колумбия менен негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыгып, оюндун тагдыры пенальтиде чечилип, 4:3 эсеби менен чейрек финалга араң чыгышты.

Азия менен Африканы ойготкон чемпионат

Кыргызстанец Арсен Алтыбаев на матче Бельгия — Япония в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Атактуу болом деп ойлогон эмесмин. Дарбазачы Миньоленин футболкасын сураган Арсен
Бул эки материктин өлкөлөрү үчүн Россиядагы дүйнө чемпионаты чоң сабак болду. Себеби алардын бир дагы командасы дүйнө чемпионаттарында жарытылуу ийгилик жарата элек. Эң жогорку чек — 2002-жылы Түштүк Корея ээлеген төртүнчү орун. Бул жолу да Россиядагы дүйнө чемпионатына Азия менен Африкадан жалпысынан 10 тандалма команда катышса, алардын ичинен Япония гана тайпасынан чыгып, Бельгиядан утулуп, оюндан четтеп калды. Бул чемпионат футболго көңүл буруунун зарылдыгын көрсөттү.

Футбол жылдыздары да жаңылат

Россиядагы бүйүр кызыткан футбол чемпионатында кайсы команда фаворит болорун дүйнө жылдыздары да алдын ала айтышкан эле. Айрымдарынын божомолдору туура чыкпай калды.

Пеле: дүйнө чемпиону болууга көп футбол командалары татыктуу, алардын бири Россия. Бирок Германияны дагы эстен чыгарбоо керек. Футболдо эч нерсеге кепилдик берүүгө болбойт. Бразилия финалга чейин жетет. Финалда Бразилия менен тең таймаша тургандар — Германия, Испания жана Франция.

Россиянын футбол күйөрмандары - Sputnik Кыргызстан
Россияны чейрек финалга чыгарган ирмемдер жана элдин сүрөөнү. Видеолор топтому
Диего Марадона: Франциянын дагы мыкты команда, Погба сыяктуу мыкты оюнчулары бар, бирок алар фаворит боло албайт. Франция эгерде Риберини кайра алса, жакшы болмок. Менин оюмча чемпионатта Германия жана Испания жеңишке жетишет".

Роналдо: чемпионатта башкы фаворит Бразилия болот. Учурда биздин команда мыкты даярданды. Алар ачык, так жана абдан натыйжалуу ойношот. Кыскасы, менин фавориттерим — Бразилия жана Испания. Ал эми эң мыкты футболчу Неймар болот".

Лионель Месси: Аргентина чемпионатта башкы атаандаш болот. Бизде олуттуу оюнчулар бар, алар бразилиялыктардан бир топ эле өөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0