Акжол Махмудов — чемпион! Түркиялык балбанды таза жеңиш менен уткан видео

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечүүчү кармашта кыргызстандык спортчу түрк балбаны менен күч сынашкан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Түркиядагы эл аралык мелдеште чемпион аталды. Беттештин видеосу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын YouTube каналында жайгаштырылган.

Жаштар арасындагы "Champions-2018" турнири 4-7 июнь күндөрү Стамбулда өттү. 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова менен Махмудов баштаган балбандар канча табат? Мамлекеттик стипендия
Махмудов 77 килограмм салмакта күчүн сынады. Ал квалификациялык кармашында финляндиялык балбанды 8:0 упай эсебинде жетсе, чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде утуп, финалда түркиялык балбанды 12:3 эсебинде артта калтырган.

Ал эми чечүүчү кармашта дагы бир түрк балбанын 16:8 эсебинде утуп, чемпион аталды.

Балбан Акжол Махмудов 18 жашта. Быйыл Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0