Игроки сборной России после поражения в матче 1/4 финала чемпионата мира по футболу между сборными России и Хорватии.

Россия Хорватиядан утулуп калды. Жомокко чекит койгон чейрек финал

470
(жаңыланган 23:45 08.07.2018)
Эки таймдын жыйынтыгы тең болгондуктан футболчуларга кошумча убакыт берилген.

БИШКЕК, 8-июл. —Sputnik. Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты.

  • Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты
    Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты
    © Sputnik / Нина Зотина
  • Эсепти биринчи таймда россиялыктар ачты
    Эсепти биринчи таймда россиялыктар ачты
    © Sputnik / Евгения Новоженина
  • Удаа эле хорватиялыктар упай санын теңеп, эсеп ошол боюнча өзгөргөн жок
    Удаа эле хорватиялыктар упай санын теңеп, эсеп ошол боюнча өзгөргөн жок
    © Sputnik / Нина Зотина
  • Кошумча убакыт берилип, алгач хорваттар бир гол киргизсе...
    Кошумча убакыт берилип, алгач хорваттар бир гол киргизсе...
    © Sputnik / Алексей Филиппов
  • экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө россиялыктар эсепти теңеп койду
    экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө россиялыктар эсепти теңеп койду
    © Sputnik / Григорий Сысоев
  • Андан соң пенальти дайындалып, оюн 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.
    Андан соң пенальти дайындалып, оюн 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.
    © Sputnik / Евгения Новоженина
1 / 6
© Sputnik / Нина Зотина
Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты

Оюн Сочи шаарында өттү. 

Эсепти биринчи таймда россиялыктар ачты. Удаа эле хорватиялыктар упай санын теңеп, эсеп ошол боюнча өзгөргөн жок. Кошумча убакыт берилип, алгач хорваттар бир гол киргизсе, экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө россиялыктар эсепти теңеп койду. 

Андан соң пенальти дайындалып, оюн 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Россиянын дүйнө чемпионатындагы оюнуна ушуну менен чекит коюлду. Ал эми хорватиялыктар 11-июлда өтчү жарым финалда шведдерди утуп алган Англиянын курамасы менен беттешмекчи.

470
Белгилер:
футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Хорватия, Россия, Сочи
Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
Тема боюнча
Англия Швецияны ишенимдүү жеңип, жарым финалга чыкты
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

107
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

107
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт. Архив

Уайт: Нурмагомедов Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот

133
(жаңыланган 20:10 21.10.2020)
Азырынча эң ири беттеш катары Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши саналууда. Кармаштын түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи кармаш промоушендин тарыхында эң ири беттеш болорун белгиледи. Бул тууралуу ал TMZ Sports маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Бул ири беттеш экени көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртесинде, дүйшөмбү күнү эле биз буга күбө болобуз. Көпкө созулбайт, бейшемби күнү эмес, жума күнү да эмес, беттештен кийинки эле дүйшөмбү күнү...",  — дейт Уайт маегинде.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Анын маалыматы боюнча, Нурмагомедов — Гэтжи таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат. Уайт бул беттеш акы төлөнүүчү трансляциялардын сатылганы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыртат деп күтүлгөнүн билдирет. Бул жаатта азырынча эң алдыңкы көрсөткүч Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешине таандык. 2018-жылдын октябрь айында жеңил салмактын чемпиондугу үчүн болгон кармаштын түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн бул титулдук беттештин алдындагы маалымат жыйын өтөт.

133
Белгилер:
трансляция, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик