Дүйнө чемпионатынан 8 медаль! КРдин жиу-житсучулары олжолуу кайтты

© Фото / предоставлено Тахиром ЮсуповымСоревнования Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu в Москве
Соревнования Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка кыргызстандык үч спорттук клубдун балбандары катышкан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан сегиз медаль менен кайтышты. Анын бирөө — алтын, төртөө — күмүш, үчөө — коло. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине машыктыруучулар билдирди.

ACBJJ – Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu версиясындагы дүйнө биринчилиги 7-8 июль күндөрү Москва шаарында өткөн.

Мелдешке өлкө атынан үч спорттук клубдун өкүлдөрү катышкан.

Дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон жаш балдар:

Беш жаштагы Умар Марасулов (22 кг) — алтын;

10 жаштагы Тянгубер Рамазан (30 кг) — күмүш;

12 жаштагы Данияр Абдукеримов (45 кг) — күмүш;

11 жаштагы Салим Хунлов (40 кг) — коло;

Ошондой эле өспүрүмдөр арасында боз кур категориясында Иса Ахмедов (65 кг) күмүш, ак курлар арасында Абдулмуслим Гаджиев (75 кг) коло байгеге ээ болгон.

Ал эми чоңдор арасында ачык сыя көк категориясы боюнча Далер Марасулов (65 кг) күмүш, көк курлар арасында Жоодарбек Салиев (60 кг) коло тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0