Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино. Архив

ФИФА президенти Россиядагы чемпионаттын өтүшүнө баа берди

486
(жаңыланган 17:00 17.07.2018)
Инфантино быйылкы дүйнө чемпионаты көп кишинин футболго болгон кызыгуусун арттырганын айтты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино маалымат жыйында Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатын тарыхтагы эң мыкты биринчилик деп атаганын РИА Новости жазды.

"Укмуштуу, таң калаарлык дүйнө чемпионаты. Биз турнирдин башынан бери бул жакта жүрүп болуп көрбөгөндөй эмоцияга бөлөндүк, эми финал болот. Мен бул мелдештинң мыкты деңгээлде болорун эки жылдан бери эле айтып келе жатам. Эми бул тууралуу ишенимдүү айта алам. Бул турнирге кам көргөндөрдүн бардыгына алкыш", — деди ал.

Инфантино бүткүл Россияга, өкмөткө жана президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

"Дүйнө чемпионатын өткөзгөнгө жардам берген ыктыярчыларга, уюштуруу иштери менен жүргөн миңдеген адамдарга рахматымды айтам", — деди ал.

Ошондой эле Инфантино бул дүйнө чемпионаты көп кишинин футболго болгон кызыгуусун арттырганын кошумчалады.

Дүйнөлүк чемпионат Россиянын 11 шаарында болуп, финалдык оюн 15-июлда Москва шаарында өтөт. Анда Хорватия менен Франция беттешет.

486
Белгилер:
Футбол, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Жанни Инфантино, Россия
Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
Тема боюнча
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында кимдер ойной турганы аныкталды
Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык балага футболкасын тапшырган ирмем. Видео
Пикирлер