Франция курама командасы. Архивдик сүрөт

Футбол: бүгүн Франция менен Хорватия чемпионатты жыйынтыктайт. Финал

252
(жаңыланган 19:23 15.07.2018)
Кийинки чемпионат 2022-жылы Катарда өтөт.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүн Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, финалга чыккан Франция менен Хорватиянын кимиси мыкты экени аныкталат.

Акыркы оюнга Франция жарым финалда Бельгияны утуп чыкса, Хорватия Англиядан озуп кеткен.

Финалдык беттеш Москвадагы "Лужники" стадионунда Бишкек убактысы менен 21.00дө башталат.

Эскерте кетсек, дүйнө чемпионаты 14-июнда башталган. Ага 32 команда катышып, оюндар Россиянын 11 шаарында өттү. Биринчиликтин уюштурулушуна, өтүшүнө ФИФА президенти Жанни Инфантино да жогорку баасын берип, РФ өкмөтүнө, президентке ыраазычылык билдирген

Кийинки чемпионат 2022-жылы Катарда өтөт.

252
Белгилер:
финал, футбол, чемпионат, Хорватия, Франция, Россия
Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
Тема боюнча
ФИФА президенти Россиядагы чемпионаттын өтүшүнө баа берди
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында кимдер ойной турганы аныкталды
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

124
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

124
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт. Архив

Уайт: Нурмагомедов Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот

134
(жаңыланган 00:18 22.10.2020)
Азырынча эң ири беттеш катары Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши саналууда. Кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи кармаш промоушендин тарыхында эң ири беттеш болорун белгиледи. Бул тууралуу ал TMZ Sports маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Бул ири беттеш экени көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртесинде, дүйшөмбү күнү эле биз буга күбө болобуз. Көпкө созулбайт, бейшемби күнү эмес, жума күнү да эмес, беттештен кийинки эле дүйшөмбү күнү...",  — дейт Уайт маегинде.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Анын маалыматы боюнча, Нурмагомедов — Гэтжи таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат. Уайт бул беттеш акы төлөнүүчү трансляциялардын сатылганы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыртат деп күтүлгөнүн билдирет. Бул жаатта азырынча эң алдыңкы көрсөткүч Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешине таандык. 2018-жылдын октябрь айында жеңил салмактын чемпиондугу үчүн болгон кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн бул титулдук беттештин алдындагы маалымат жыйын өтөт.

134
Белгилер:
трансляция, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик