БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек Уулу жиу-житсу боюнча Калифорниянын ачык чемпионатынан байгелүү орундарга ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү билдирди.
Калифорниянын ачык чемпионаты 14-июль күнү Сан-Францисконун Окленд шаарында өткөн.
Анда өлкө атынан Зулкайнар Шайбек уулу катышып, 76 килограмм салмакта кимоночон жана кимоносу жок кармаш өткөрүп, экөөндө тең коло байгеге ээ болгон.
Шайбек уулу атаандаштарынын бардыгы америкалыктар болгондугун айтат. Кимоночон кармаштын чечүүчү бөлүгүндө атаандашынын бутун тартып утса, кимоносуз кармаштын негизги бөлүгүндө колду кайруу ыкмасы менен жеңишке жеткен.
26 жаштагы Зулкайнар Шайбек уулу аралаш мушташтын вале-тудо версиясы боюнча КРдин чемпиону, жиу-житсу боюнча турнирлердин байге ээси.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев билдирди.
Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага аймактардан жана шаарлардан келген 300дөн ашык жиу-житсучу катышты.
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар күч сынашты. Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды. Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.