Боксчу Эржан Тургумбеков 6 раунд кыл чайнашып, атаандашын утуп алды. Видео

© Sputnik / Светлана ФедотоваКыргызстандык боксчу Эржан Тургумбеков. Архив
Кыргызстандык боксчу Эржан Тургумбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен боксчу профессионалдар арасында үчүнчү жеңишин камсыздап жатат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Эржан Тургумбеков Россиядагы "Академия Единоборств РМК" турниринин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасына жүктөдү. 

Профессионалдар арасындагы "Академия Единоборств РМК" мелдеши кечээ, 14-июлда Екатеринбург шаарында өткөн.

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек Уулу жиу-житсу боюнча Колифорниянын ачык чемпионатынан байгелүү орундарга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык житсучу америкалык балбандын колун кайрып салды. Видео
Анда кыргызстандык Тургумбеков 55 килограмм салмакта белоруссиялык Андрей Исаев менен алты раунддук беттеш өткөрүп, жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишке ээ болгон.

Тургумбеков ушуну менен профессионалдар арасында үчүнчү жеңишин камсыздады.  Быйыл Россиялык RCC BOXING промоутерлик компаниясы менен беш жылга келишим түзгөн.

Боксчу 23 жашта. Жаштар арасын КРдин эки жолку чемпиону, Евразия оюндарынын күмүш байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0