Игроки сборной Франции  на церемонии награждения победителей чемпионата мира по футболу 2018.

Франция дүйнө чемпиону болду

449
(жаңыланган 16:34 16.07.2018)
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы Москва шаарындагы "Лужники"стадионунда өттү.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды.

Чемпионаттын финалы Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өтүп, аргентиникалык калыс Нестор Питана көзөмөлдөдү.

  • Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды
    Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды
    © Sputnik / Алексей Филиппов
  • Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө француздар эсепти ачты
    Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө француздар эсепти ачты
    © Sputnik / Григорий Сысоев
  • Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди
    Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди
    © Sputnik / Антон Денисов
  • Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты
    Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты
    © Sputnik / Алексей Филиппов
  • 59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду
    59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду
    © Sputnik / Антон Денисов
  • Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1
    Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1
    © Sputnik / Владимир Песня
  • Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду
    Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду
    © Sputnik / Григорий Сысоев
  • Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.
    Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.
    © Sputnik / Антон Денисов
1 / 8
© Sputnik / Алексей Филиппов
Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды

Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө хорватиялык оюнчу Марио Манджукич өз дарбазасына гол киргизип алды. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди. Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты. Биринчи тайм аяктагандан кийин калыс кошумча 3 мүнөт берди.

Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө аскер кийимин кийген күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыкты. 

59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду. Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1.

Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду.

Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.

Франция ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп жатат. 1998-жылкы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Бразилияны утуп чемпион болгон.

Ал эми үчүнчү орун үчүн Бельгия менен Англия беттешкен. Жыйынтыгында бельгилык оюнчулар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, быйыл футбол боюнча дүйнө чемпионаты 14-июнда башталып, 15-июлда жыйынтыкталды. Оюндар Россиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өттү.

449
Белгилер:
футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Хорватия, Франция, Россия
Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
Тема боюнча
Футбол: Бельгия Англияны утуп, чемпионаттын коло медалын тагынды
ФИФА президенти Россиядагы чемпионаттын өтүшүнө баа берди
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

118
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

118
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт. Архив

Уайт: Нурмагомедов Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот

133
(жаңыланган 00:18 22.10.2020)
Азырынча эң ири беттеш катары Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши саналууда. Кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи кармаш промоушендин тарыхында эң ири беттеш болорун белгиледи. Бул тууралуу ал TMZ Sports маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Бул ири беттеш экени көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртесинде, дүйшөмбү күнү эле биз буга күбө болобуз. Көпкө созулбайт, бейшемби күнү эмес, жума күнү да эмес, беттештен кийинки эле дүйшөмбү күнү...",  — дейт Уайт маегинде.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Анын маалыматы боюнча, Нурмагомедов — Гэтжи таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат. Уайт бул беттеш акы төлөнүүчү трансляциялардын сатылганы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыртат деп күтүлгөнүн билдирет. Бул жаатта азырынча эң алдыңкы көрсөткүч Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешине таандык. 2018-жылдын октябрь айында жеңил салмактын чемпиондугу үчүн болгон кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн бул титулдук беттештин алдындагы маалымат жыйын өтөт.

133
Белгилер:
трансляция, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик