Балбандар ырым-жырым жасап, катуу сүр менен кармашкан сумонун эрежеси

Жазылуу
Сумо – япониянын улуттук күрөшү. Анын негизин дух, техника жана тулку бой түзөт. Сумочулардын негизги принциптеринин бири "утуп алып керсейбе, утулуп калып чөкпө!"деп айтылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет япондордун сумосу менен тааныштырабыз.

I. Сүрөттөлүшү

Сумодо күрөштүн, оюн-зооктун жаңы ыйык кыймылдардын элементтери бириккен. Таймаш алдындагы мындай философиялык ырым-жырым эч бир спорттун түрүндө кездешпейт. Атаандаштар бири-бири менен жесттерди көрсөтүп, таза ой менен келгендигин, куралсыз, чынчыл урушта өзүнүн мыктылыгын тастыктай аларын көрсөтүп саламдашат. Эки балбандын кимиси атаандашын аянтчадан чыгарып, денесинин таманынан башка бөлүгүн жерге тийгизсе жеңишке ээ болот.

Национальные игры в Бишкеке в рамках проекта Детский караван игр - Sputnik Кыргызстан
Аркан тартыш ДКОнун спорттук түрүнө кошулду. Оюндун эрежеси
Кармашка узундугу 9 метр 80 сантиметр болгон атайын белкур менен чыгышат. Беттештин башталышында символикалык мааниге ээ ар кандай ырым-жырым кыймылдарды аткарышат: дохёнун (сумо үчүн аянтча) үстүндө сико деп аталган атайын отуруп-туруу ыкмасы менен басышат жана аренаны жаман күчтөрдөн тазалоо максатында тузду уучтап чачышат. Кармашта сикири психологиялык күрөшү биринчи орунга туруп, муштумдарды түйүп, балбандар акырындык менен атаандашын коркутуу максатында бири-бирин көзү менен тике карап сүр көрсөтүп, андан кийин күрөштү башташат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековСумо боюнча мелдеш капталдары 7,72 метр болгон, дохё деп аталган төрт чарчы аянтчада өткөрүлөт
Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сумо боюнча мелдеш капталдары 7,72 метр болгон, дохё деп аталган төрт чарчы аянтчада өткөрүлөт

II. Мелдешти өткөрүү орду (дохё)

Сумо боюнча мелдеш капталдары 7,72 метр болгон, дохё деп аталган төрт чарчы аянтчада өткөрүлөт.

Дохёнун эки түрү бар:

— мори-дохё – чоподон же жерден 34-36 сантиметр бийикте жайгашат;

— хира-дохё – мори-дохё жок болгон учурда машыгууда жана мелдеште колдолунуучу түз дохё.

Кармаш аренасы диаметри 4,55 метр. Аны тегерете – себу-давара күрүч саманы менен тартылып капталган.

Тегеректин борборунда дохёнун чыгыш жана батыш тарабынан бири-биринен 70 см. алыстыкта ак түстөгү чийин менен үстү белгиленет (сикирисэн). Сикирисэндин узундугу – 80 см., туурасы – 6 сантиметр. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАтаандашын себу-даварандан тышкары дохёго денесинин ар кандай бөлүгү менен тийүүсүнө мажбур кылса жеңишке жетет
Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атаандашын себу-даварандан тышкары дохёго денесинин ар кандай бөлүгү менен тийүүсүнө мажбур кылса жеңишке жетет

III. Кармаш

Кармаштын узактыгы чоңдор үчүн 18 жаш жана андан улууларга 5 мүнөттү түзөт. Эгерде белгиленген убакытта жеңүүчү аныкталбаса, кайра кайталап кармашат (торинаоси). Ортосунда эч кандай тыныгуулар каралган эмес. Кийинкиси мурдагы кармаштын бүтүшү менен дароо башталат. 

IV. Калыстар тобунун курамы

Калыстар тобуна мелдештин башкы калысы, анын орун басары, башкы катчы, калыстар, маалыматчылар жана башка тейлөө кызматкерлери кирет.

Калыстар бригадасы 6 кишиден турушу керек: бригаданын жетекчиси – симпанте, реферлер – гёдзи, 4 капталдагы калыстар – симпан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКармашка узундугу 9 метр 80 сантиметр болгон атайын белкур менен чыгышат
Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кармашка узундугу 9 метр 80 сантиметр болгон атайын белкур менен чыгышат

V. Күрөштүн эрежеси

Кээ бир кырдаалдарды эске албаганда, төмөндөгү жоболор кармаштын жеңүүчүсүн аныктайт:

— атаандашын себу-даварандан тышкары дохёго денесинин ар кандай бөлүгү менен тийүүсүнө мажбур кылса;

— атаандашын себу-даварын чегинде таманынан башка денесин бир бөлүгүн дохёго тийгизүүгө мажбур кылганда.

Өзгөчө кырдаалга синитай абалы ("өлүк дене") кирет, мында жеңилүүгө алып келген толук тең салмактуулукту жоготуу кирет.

Чабуул жасаган балбан дохёго колун тийгизсе да кармашта жеңилбейт, анткени техникалык кыймыл-аракетти жыйынтыктоодо жыгылууну жумшартуу үчүн жана жараат алуудан сак болуу үчүн жасалып, жыйынтыгында атаандашы синитай абалына туш болот. Бул кырдаал "кабаитэ" деп аталат.

Соревнования по национальным видам спорта в центральной площади города Ош - Sputnik Кыргызстан
ДКО: согуштун планын үйрөткөн ордо оюну. Эрежеси
Чабуул жасаган балбан себу-давараны басып алса да жеңилбейт, анткени техникалык кыймыл-аракетти жыйынтыктоодо жыгылууну жумшартуу үчүн жана жараат алуудан сак болуу үчүн жасалып, жыйынтыгында атаандашы синитай абалына туш болот. Бул кырдаал "кабаиаси" деп аталат

Чабуул жасаган балбан себу-давараны басып алып, атаандашын көтөрүп, себу-даварадан нары арты менен чыгарып салса жеңилбейт.

Чабуул жасаган балбан ыргытып чабууда буттун үстүңкү бөлүгү дохёге тийсе кармашта жеңилбейт.

Мавасинин горизонталдык алдыңкы бөлүгү (орикоми) дохёго тийсе женилүү болбойт.

Төмөнкү учурларда жеңилди деп эсептелет:

1. Жараат алып кармашты уланталбай калса;

2. Тыюу салынган кыймылдарды жасаса;

3. Кармашты өз алдынча токтотуп койсо;

4. Билип туруп алгачкы абалынан өйдө турбай койсо;

5. Гёдзи командасын аткарбаса;

6. Экинчи жолку аренага чыкырууда чыкпаса;

7. Бел куру кармаш учурунда чечилип жана түшүп калса.

Эгерде кармаш бекитилген убакыттан көбүрөөк созулуп, бирок жеңүүчү аныкталбаса, анда токтотулуп кайрадан кармаш жүргүзүлөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБашында атаандаштар бири-бири менен жесттерди көрсөтүп, таза ой менен келгендигин, куралсыз, чынчыл урушта өзүнүн мыктылыгын тастыктай аларын көрсөтүп саламдашат
Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Башында атаандаштар бири-бири менен жесттерди көрсөтүп, таза ой менен келгендигин, куралсыз, чынчыл урушта өзүнүн мыктылыгын тастыктай аларын көрсөтүп саламдашат

VI. Тыюу салынган кыймылдар (киндзите)

Сумодон төмөнкүдөй кыймылдарга тыюу салынган:

1. Муштум менен уруу жана манжалары менен түртүү;

2. Төшкө же ичке бут менен тебүү;

3. Чачтан кармоо;

4. Кекиртетектен кармоо;

5. Бел курдун вертикалдык бөлүгүнөн кармоо;

6. Атаандашынын манжаларын сындыра кармоо;

7. Тиштөө;

8. Башка тике уруу.

Сумодо Япониянын башка  салтуу уруш искусствосунүн түрлөрүндөгүдөй ырым-жырымдарды жана адептүүлүктү сакташат жана ардакташат.

Ырым-жырымдар рицу-рейден (түз туруп жүгүнүүдөн), тиритедзудан (суу менен тазалоодон) жана сикириден (даярдоодон) турат.

Тиритедзу – бул байыркы япон жөрөлгөсү, аскердин согуш алдындагы жуунусу сыяктуу уникалдуу ырым-жырым.

Вторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат
Тиритетзу дохёго эки балбан бирдей чыкканда аткарылат. Алар тамандарына ылайыктап, соноке позасында ылдый отурушат. Согончок полдон өйдө көтөрүлүп, дене менен баш түз кармалат, колдор тизеге түшүрүлөт. Балбандар колдорун ылдый түшүрүп, бири-бирине баштарын ийкешет. Андан кийин спортчулар колдорун төштүн деңгээлинде эки жакка жайып, алакандарын өйдө каратып көтөрүшөт жана кайра алакандарын чаап, кайра колдорун эки жакка алкандарын өйдө каратып жайышат, аягында ырым-жырымы бүткөндө алакандарын ылдый каратып бурушат.

Сикири – бул таймаш алдындагы кыймылдар. Балбандар буттарын алыс коюп жана денесин алдыга ийилтип ылдый отурушат. Сандар менен ийиндер түз кармалып, муштумдарын түйүп колдору менен дохёнун үстүнө таянып, сикирисен кылганы, андай абалда болушу "даяр" экендигин билдирет.

Сикириден татиайга өтүү (старттык ыргып-туруу) спортчулар тарабынан бирдей аткарылышы керек.

Ырым-жырымдар сумонун бөлүнбөгөн жана маанилүү бөлүгү болуп саналып, шашпастан, акырын жана татыктуу, сумонун улуулугун белгилеп аткарылышы керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКармашка узундугу 9 метр 80 сантиметр болгон атайын белкур менен чыгышат
Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кармашка узундугу 9 метр 80 сантиметр болгон атайын белкур менен чыгышат

VII. Кийими

Мелдештин катышуучулары санга оролуучу белкур-мавасини кийип чыгышы керек. Бирок сумочуларга мавасинин ичинен плавки кийгенге же кара түстөгү чыптаган кыска шым (шорты) кийгенге уруксат берилет.

Мавасинин туурасы 40 см., узундугу так белгиленген эмес, бирок маваси балбандын курсагынан тегеретип 3-4 жолу орогонго ылайыктуу болушу керек.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Спортчуларга кармашка атаандашына зыян келтирүүчү бир нерселерди кийип чыгууга тыюу салынат. Биринчиден бул металл кооздуктары (шакек, билерик, чынжыр ж.б.). Балбандын денеси аябай таза жана кургак, колдорундагы, буттарындагы тырмактар кыска алынышы керек. Мавасиге клубдун, федерациянын эмблемасын, номерин тагып коюуга уруксат берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда  башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Япондордун сумосу менен кыргыздардын алыш күрөшүнүн эрежеси эмнеси менен айырмаланарына кызыксаңыз, экинчисининин да эрежеси менен тааанышып алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0