Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн качан беттешери айтылды

© REUTERS / Mark J. RebilasВалентина Шевченко менен Аманда Нуньестин мушташы. Архив
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин мушташы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондук кур үчүн кармаш АКШда 8-сентябрда өтөт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Валентина Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиондук наам үчүн Никко Монтаньо менен беттеше тургандыгын уюштуруучулардын расмий сайтында айтылат.

Бой Валентины Шевченко с Амандой Нуньес в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко атаандашынын айласын кетирди. Видео
Мушкерлер 8-сентябрь күнү Даллас (АКШ) шаарында UFC 228 турниринин алкагында кез келет.

29-жаштагы Монтаньо чемпиондук курду былтыр декабрда тагынган, ал Шевченко менен кармашып биринчи жолу наамын коргойт. Ал эми Шевченко эң жеңил салмактагы алгачкы кармашын быйыл февраль айында өткөрүп, бразилиялык атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган. 

 

It’s now official!!! #ufc228 👊See you soon #Dallas #Texas! #teambullet

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) 18 Июл 2018 в 10:59 PDT

 

Ага чейин Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондугу үчүн Аманда Нуньес менен беттешип, жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0