Кыргызстандык дзюдочулар Хорватияда күчүн сынайт

© REUTERS / Wolfgang RattayТурнир по дзюдо в Дюссельдорфе
Турнир по дзюдо в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өлкө атынан төрт спортчу катышат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы эл аралык "Гран-При — Загреб" турнирине катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 27-29-июль күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтөт. Анда өлкө атынан төрт балбан күч сынашат.

Улуттук курама команданын тизмеси:

Артур Те — 66 килограмм;

Бектур Рысмамбетов — 73 килограмм;

Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө;

Спортчуларды улук машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.

Команданы мелдешке жөнөтүү үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 726 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0