Бали, балбан кыздар Кыргызстандын гимнин Нью-Делиде жаңыртты. Видео

© Фото / Facebook / United World WrestlingЧемпионка Азии среди кадетов Айпери Медет кызы
Чемпионка Азии среди кадетов Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Патриоттук сезимди ойготкон видеону Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасына жарыялаган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Нью-Делиде өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утуп, Кыргызстандын гимнин жаңыртты. Аталган видеону кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасы аркылуу жарыялады. 

© Фото / Байгазы КенжебаевАйпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Нью-Делиде өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утту
Чемпионка Азии по женской борьбе среди кадетов Айпери Медет кызы и Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Нью-Делиде өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утту

"Биздин кыздар Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кош кубаныч тартуулады", — деп жазган Тыныбекова.

Жуманазарова квалификациялык кармашында Кытай Тайбэйинин балбаны Чиа Хсуан Чангды 12:0, чейрек финалда кореялык Хьон Йонг Паркты 8:3, жарым финалда казакстандык Валерия Гончарованы 10:0 эсебинде жеңип финалга өткөн. Чечүүчү кармашта индиялык Дивя Какранды 11:0 эсебинде жеңип чемпион аталды.

Ал эми Медет кызы квалификациялык кармашында индиялык Каруна Карунаны 8:0, чейрек финалда казакстандык Айнагүл Абированы 11:0, жарым финалда монголиялык Оюнбагана Батчулууну 10:0 утуп, чечүүчү кармашта кытайлык Ю Жень Дингди 11:0 упай эсебинде жер караткан.

Жаштар арасындагы Азия чемпионаты ушул тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө. 17-июлда башталган мелдеш 22синде жыйынтыкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0