Жээнбеков кореялык мушкерди сулата чаап чемпион болду. Сеулдагы видео

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Жээнбеков жыл башынан бери бардык атаандашын техникалык нокаут менен утуп жатат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков кореядагы Angels Fighting спорттук лигасынын алтын курун тагынып, чемпион аталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди. 

Аралаш мушташ боюнча Angels Fighting эл аралык турнири кечээ түнү Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн. 

Мелдештин башкы беттешинде Тилек Жээнбеков (93 килограммдан өйдө) үй ээси Жун Су Лим (93 килограммдан өйдө) менен чемпиондук кур үчүн күч сынашкан. Натыйжада Жээнбеков биринчи раундда техникалык нокаут менен атаандашын жеңип алды.

"Кореядан беттешүүгө чакыруу келгенден тарта атаандашты ар тараптан изилдеп, тактиканы өзгөрттүк. Соккон ыкмадан тышкары, октагондо колдоно турчу бир топ ыкмаларга басым жасаган болчубуз. Жеңиш биз тарапта болду. Келечекте аталган уюмдун наамын коргогонго сунуш түшөт деп ойлойм", — деди мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров. 

Ошондой эле мелдештин алкагында өлкө атынан дагы бир мушкер Бектур Алымбек уулу күч сынашып, тилекке каршы экинчи раундда калыстардын чечими менен утулуп калган. Чекировдун айтымында, бул Алымбек уулунун профессионалдуу ММА уюмундагы биринчи беттеши, ошондой эле өзүнөн 20 килограммга оор мушкерге каршы туруп, мыкты кармаш көрсөтө алган. 

Тилек Жээнбеков ушуну менен жыл жаңыргандан бери үчүнчү жеңишин камсыздап жатат. 6-мартта украиналык Юрий Проценкону жеңсе,  14-майда швециялык Малик Тамбени утуп алган. Жээнбеков атаандаштарынын бардыгын техникалык нокаут менен жер караткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0