"Алганын" тарбиялануучусу Илзат Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү

Жазылуу
20 жаштагы футболчу төрт жылга келишим түздү.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Атамекендик "Алга" клубунун тарбиялануучусу Илзат Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды. 

​20 жаштагы футболчу төрт жылга келишим түзүп, ага 77 деген номер берилди. Ал бүгүн эле командасы менен Нижний Новгороддо Россиянын Суперкубогу үчүн беттеш өткөрөт.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын эң мыкты голу аныкталды. Видео
Ахметов буга чейин Казандын "Рубин" клубунда ойноп келген жана май айында келишими аягына чыккан.

Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлуп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашанды негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0