Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы жылдары аралаш мушташ (ММА) спортуна кызыккандар көбөйүүдө. Муну байма-бай беттеш өткөргөн мушкерлер менен мелдешке агылган көрүүчүлөрдүн саны айгинелеп турат.

Чоң турнирди коюп, спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдешке барсаң бутуңду коерго жер таппайсың. Сүрөөнгө алган эл, соккудан кулап түшкөн мушкерлер, өзгөчө шоу…

Мындай көрүнүшкө күбө болгондо: "ММАге эмне себептен кызыгуу артып жатат"? "Жаракаттан кооптонушпайбы"? "Канча каражат табышат", "Максаттары эмне?" деген суроо туулбай койбойт. Бул соболдорго  жооп издегенге аракет кылдык.

Эрежесиз уруштун эбин тапкан "Ак аюу"…

© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч""Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев

ММА мушкери Мыктыбек Мамасалиев эрежесиз урушка бокстан келген. Улуттук курама командада төрт жыл ойноп, спорт чебери наамына татып, жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону аталган. Бирок 2014-жылкы Азия оюндарынан кийин багытын өзгөртүүнү эп көрөт. Себеби бул мелдеште боксчу байгесиз кайтты эле, анын үстүнө эрежесиз эр урушка болгон кызыгуу арбап алат. Ошентип рингди таштап, октагонду тандайт.

"Курама командада жүргөндө сыртка чыгуу бир аз кыйын болду. Өзүмө мындан ары өсүп кете аламбы же жокпу деп суроо бердим. Бул жерде мамлекеттин колдоосу болгон жок же өзүм аракет кылбай койдум дебейм. Эрежесиз уруш боюнча беттеш өткөргөн досторум көп эле, ошолордун таасири менен ММАге өтүп кеттим окшойт. Бокс дүйнөсүнөн кеткениме өкүнбөйм, азыр максатым — аралаш мушташ боюнча күчтүү уюмдарда ат салышуу", — деди Мамасалиев.

Мыктыбек Мамасалиев коомчулукка "уйкуга" кетирген нокауттары менен кеңири таанымал. Анын беттештерин чыдамсыздык менен күтүшөт, YouTube тармагындагы ар бир беттеши 100 миңден кем эмес көрүүчү топтойт. Профессионалдуу ММАде жалпысынан 11 беттеш өткөрүп, аны жетисин нокаут менен утуп, төртөөсүндө утулган.

Спорт дүйнөсүндө "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков алгач, бокс менен алектенип. анан ММАге өткөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорт сүйүүчүлөр арасында "Тайсон" атыккан Канат Келдибеков
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Спорт сүйүүчүлөр арасында "Тайсон" атыккан Канат Келдибеков

"Үч жыл бокста жүрдүм. Бишкектин, облустун чемпионаттарын утуп, спорт чеберине талапкер болгом. Акыркы беттешимде жеңилип калгам… Ошондон кийин боксту таштадым. ММАдеги биринчи эле кармашымда ийгилик жылмайды. Ошол күндөн тарта өзүмдү эрежесиз урушка арнап келем", — дейт Келдибеков.

Канат Келдибеков мушкерлер чөйрөсүнөн кең орун таап, учурда беделдүү делген Ахмат (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) лигасы менен келишим түзгөн.

ММА тармагына спортчулар ар кайсы себеп менен келет. Маселен, кыргызстандагы көзгө басар мушкерлердин бири Бусурманкул Абдубаит уулу грэпплингде жүрүп, кийин өз каалоосу менен эрежесиз урушка өткөнүн айтып берген эле. Абдубаит уулу беделдүү делген M-1 уюму менен эки жылдык келишим түзгөн.

Жиу-житсучу Ариет Бекишов да ММА боюнча мелдештерге катышып, WEF Global 10 уюмунун чемпиону аталган. Ал  бир учурда эки спортто тең жүрөт. Учурда жиу-житсу боюнча Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына даярданып жаткан чагы.

Александр Воинов: спорт — ден соолукту талкалоо эмес, чыңдоо

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКикбокс федерациясынын президенти, машыктыруучу Александр Воинов
Президент Федерации кикбоксинга КР Александр Воинов - Sputnik Кыргызстан
Кикбокс федерациясынын президенти, машыктыруучу Александр Воинов

Кикбокс федерациясынын президенти, машыктыруучу Александр Воинов эрежесиз урушка эки ача пикирде. Бир четинен спортту сыйласа, экинчиден аеосуз токмок жеген мушкерлердин ден соолугуна кабатыр.

"Эрежесиз урушту колдойм же колдобойм деп айтуу кыйын. Спорт тармагындагы адам спорттун бардык түрүн сыйлашы керек. Менин кикбокс боюнча залыма эрежесиз уруштун балдары келип машыгат. Биринчи кезекте таалим-тарбия бергенге аракет кылам. Бул азыр көп машыктыруучунун кемчилиги. Машыкканды үйрөтөт да, тарбиялабайт. Экинчиден, аралаш мушташта көп жаракат аласың. Беттеш бир сокку менен токтоп калбайт. Атаандаш качан эси ооп, жеңилдим дегенде гана калыс токтотот. Спорт —  ден соолуктуу талкалоо эмес, чыңдоо эмеспи", — деди Воинов.

Воинов ММА көрүүчүлөрдү ар тараптуу ыкмалары менен арбап алганын айтат. Илгертеден бери эл арасында "боксчулар күчтүүбү же балбандарбы" деген талаш-тартыш суроолор жаралып келген. Акыры спорт дүйнөсү "аралаш мушташты" ойлоп тапкан дейт.

Девушка во время тренировки по боксу - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
"Октагондо бирде мушкер, бирде балбан уткандыктан, кимиси күчтүү экендиги али аныктала элек, бул аныкталбай турчу нерсе. Мурда эрежесиз урушка ар кайсы спорттун өкүлдөрү келчү. Азыр аралаш мушташ боюнча атайын зал ачкан клубдар көбөйдү. Алардын лицензиясы менен машыктыруучулардын квалификациясын текшериш керек. Себеби бул спортко кесипкөйлүк менен гана мамиле жасап, жаракаттарды алдын алса болот. Мындагы спортчуларды акча, жарнама, рейтинг азгырып жатат. Бирок эң башкысы каалоо бар, мотивациясыз байлап койсоң да турбайт", — деди Воинов.

Ошондой эле машыктыруучу ММА ушундай жол менен кете берсе бир күнү эрежесине өзгөртүүлөр киргизилип, анча-мынча ыкмаларга тыюу салынаарын, бирок ошол эле учурда эрежесиз уруш кызуу кандуулугун жоготуп күйөрмандарынын катарын жукартат дейт.

ММА калысы: бир гана жыныс мүчө менен жүлүнгө урганга болбойт

Эрежесиз урушка калыстык кылып жүргөн рефери Мирбек Буларкиев октагонго чыккан мушкерлер өз ден соолугуна өздөрү гана жоопкер экендигин айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрежесиз урушка калыстык кылган рефери Мирбек Буларкиев
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эрежесиз урушка калыстык кылган рефери Мирбек Буларкиев

"Беттешке чыга турчу мушкер уюшуруучу тарапка кагаз жүзүндө "ден соолугума өзүм жоопкермин" деп милдеттенме алат. Аралаш мушташ болгондон кийин спортчулар дененин бардык бөлүгүнө сокку узатып, күрөшөт. Бир гана жыныстык мүчө менен кара кушка урганга болбойт. Эгер спортчу атаандашына мөөнөтүнөн мурда багынам десе, октагондун полун колу менен чаап белги берсе болот. Кээде секунданттары баш тартуу иретинде сүлгү ыргытат. Кээде өзүбүз мушкердин алсыздыгын, коркоктугун же дарманы келбей калганын байкасак, токтотуп салабыз", — деди Буларкиев.

Ошондой эле рефери турнирлерде спорттук дарыгерлер кызмат көрсөтөрүн кошумчалады.

Кан менен тер аралашкан акча

Спорттук менеджер Марат Бекмуратов ММА мушкерлери катышкан турнирине жараша утса да, утулса акса алышат дейт.

© SputnikСпорттук менеджер Марат Бекмуратов
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Спорттук менеджер Марат Бекмуратов

"Маселен, Кыргызстандагы лигалар спортчулардын рейтингине жараша 200-500 долларга чейин берет, утулса катышкандыгы үчүн жарымын төлөшөт. Такыр акча бербеген да уюмдар бар. Жеке оюмда спортчулар ден соолугун тобокелдикке таштап, кара жанын карч уруп жаткандан кийин маңдай акысы берилиши керек. Ал турнирде өзүнүн күчүн гана сынабастан, уюштуруучулардын лигасын каржылап жатат", — деди Бекмуратов.

Менеджер Казакстан менен Өзбекстанда мушкерлерге 1000 долларга чейин төлөнсө, Россиядагы лигаларда мындай эки эсе көп берилерин айтат.

Мушкер Канат Келдибеков маек учурунда ACB уюмундагы бир беттешинде 6 миң доллар тапканын айткан болчу.

Девушка во время тренировки по боксу - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
"ACB лигасында утсаң 2000 доллар, утулсаң 1000 доллар болчу. Мен жеңилип калгам, бирок 1000 долларга кошуп 5000 доллар бонус катары беришкен. Мындан сырткары, жол кире, тамак-аш, мейманкана акысы алардын эсебинен", — деген Келдибеков.

Ошондой эле Келдибеков жакында келишим түзгөн "Ахмат" лигасы утса 3 миң доллар, утулса 2 миң доллар төлөп бере турганын кошумчалады.

Учурдун белгилүү мушкерлеринин бири Тилек Жээнбеков дагы мелдештердин биринде 3 миң доллар тапканын айткан.

Ал эми кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко акыркы беттешинде 50 миң доллар тапкан. Эмне үчүн аталган уюм спортчуларга асмандаган акча төлөй тургандыгын алдыда кеп кылабыз.

Кыргызстандыктар качантан бери ММАге кызыгып баштады?

ММА (Mixed Martial Arts) же кыргызча аралаш мушташ, эрежесиз уруш дегенди билдирет. Бул спорт Кыргызстанга алгач 2000-жылдары панкратион аталышында пайда болгон, 2006-жылы машыктыруучулар Павел Федотов менен Эмил Токтогонов Вале-Тудо (эрежесиз уруштун бразилиялык версиясы) федерациясын ачкан. Ал эми 2014-жылы кулатуу федерациясы дүйнөлүк статус алып, WEF аталышында чыга баштаган. Андан соң мелдеш уюштурган Жаш-күч клубунун JFC, ММА академиясынын "Көчмөндөр оюну" лигасы ачылган. Учурда мындай лигалар кулачын жайууда.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү
Түшүнүктүү болуш үчүн спорттук уюмдардын ишмердүүлүгүн түшүндүрө кетели. Маселен, WEF федерациясы аралаш мушташ боюнча турнирлерди өткөрүү менен алектенет. Алардын мелдешине ар кайсы өлкө менен спорт клубдун өкүлдөрү күч сынашат. Жеңген спорчулар бардык мушкерлердин рейтингин аныктаган Sherdog порталына катталып турат.

Маселен, Валентина Шевченконун шилтемесин  алып көрөлү, анын баракчасында сүрөтү, өлкөсү, салмагы, бою, тарбияланган клубу жана эң негизгиси спорттук жетишкендиктери менен биргеликте видеолору кошо жүктөлгөн. Мындайча айтканда, мушкер кайсыл бир уюм менен келишим түзгүсү келсе, өмүр баян жазып отурбай, ссылканы салып койсо болот.

UFC мушкерлер үчүн — Олимпиада оюндары

Жок дегенде мушкерлердин кепкасынан же футболкасынан UFC деген жазууну көрсөңүз керек. Бул да жөн жерден эмес. Жогоруда айткандай мелдеш өткөргөн спорттук уюмдар өтө көп. Алардын эң беделдүүсү америкалык Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (Ultimate Fighting Championship). Бул жак тажрыйбасы мол, профессионалдуу мушкерлердин ордосу.

Кыргызстандын атынан биринчи жолу аталган уюм менен Валентина Шевченко келишим түзгөн, күзүндө эң жеңил салмактагылар арасында чемпиондук кур үчүн кармашат. Сиңдисинин аркасы менен Антонина Шевченко да уюмдун тандоо турниринен өтүп, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алган.

© Фото / Анастасия МарченкоUFC уюмунун мушкери Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
UFC уюмунун мушкери Валентина Шевченко

Кыргыз мушкерлери дүйнөдөгү күчтүү уюмдарда күч сынашууга аракеттерин жумшап келет. Уткандары да, утулгандары да бар. Ар бир уюм мыкты беттеш өткөргөндөр менен келишим түзөт.

Хабиб Нурмагомедов: 10 жылдан кийин UFC уюмунда бир топ кыргыз мушкери күч сынашып калат

© Sputnik / Исмаил МамытовUFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кыргызстандык күйөрмандары менен жолугушуу учурунда
Визит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек  - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кыргызстандык күйөрмандары менен жолугушуу учурунда

Быйыл 24-январда Бишкекке UFC көзүрү, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов иш сапар менен келген. Күйөрмандары менен маалымат жыйын куруп жатып, кыргыз мушкерлери тууралуу оюн айткан.

"Кыргыз спортчуларынын келечеги бар. Бирок мамлекет олимпиадалык спортко көбүрөөк басым жасайт экен. Бизде Дагестанда деле абдан колдошот дебейм. Россияда ММА 2000-жылдары абдан өнүгүп баштады, Кыргызстан бул жаатта он жыл артта. Кудай буюрса,  дагы он жылдан кийин UFC уюмунда бир топ кыргыз мушкери күч сынашып калат", — деген Нурмагомедов.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарды өзүнүн Дагестандагы Eagles MMA клубуна эч тоскоолдуксуз машыгып кетсе болот деп жергиликтүү спортчулардын бир катарына үмүт отун жандырган.

Чемпиондордун дүйнөлүк аренада ийгилик жаратышына спорт медицинасынын өсүп-өнүгүшү абдан маанилүү. Ал эми Кыргызстан бул жаатта аксап турат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бул боюнча материал жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0