Нарында аралаш мушташ боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Жазылуу
Мелдештин алкагында 18 беттеш тартууланат. Анын бири супер-беттеш болсо, дагы бири чемпиондук кур үчүн кармаш болмокчу.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Нарында аралаш мушташ боюнча WEF Proffight эл аралык турнири өтө тургандыгын Кулатуу эр таймаш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 4-августта саат 18:00дө Нарын шаарында болот.

Маалыматка ылайык, мелдештин алкагында 18 беттеш тартууланат. Анын бири супер-беттеш болсо, дагы бири чемпиондук кур үчүн кармаш болмокчу.

Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы
Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары катышат.

Негизи WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт.

"Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт;

"Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат;

"Proffight" — кесипкөй мушкерлер күч сынашат;

WEF "Global" — эң тажрыйбалуу мушкерлердин кармашы.

Жаңылыктар түрмөгү
0