Октагондо кездешебиз! Шевченконун атаандашы Монтаньону теше тиктеген сүрөтү

© Фото / Анастасия МарченкоUFC боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
UFC боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлердин беттеши 8-сентябрь күнү Даллас (АКШ) шаарында өтөт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik.UFC боюнча кыргызстандык мушкер  Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн беттеше турчу атаандашы Никко Монтаньо менен тике караган сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Мушкерлер кечээ, 3-августта Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун маалымат жыйынында кезигишкен. 

Анда Шевченко менен Монтаньонун бетме-бет туруп муштум түйө бири-бирин көз ирмебей тиктеп жатканын көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Валентина Шевченконун америкалык Никко Монтанього каршы беттеши 8-сентябрь күнү Даллас (АКШ) шаарында өтөт. Спортчулар UFC уюмунун эң жеңил салмактагылардын (57 кг.) чемпиондук куру үчүн кармашат.

29-жаштагы Монтаньо чемпиондук курду былтыр декабрда тагынган, ал Шевченко менен кармашып биринчи жолу наамын коргойт.

Ал эми Шевченко эң жеңил салмактагы алгачкы кармашын быйыл февраль айында өткөрүп, бразилиялык Присцила Кечоейраны муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Шевченко мурда 61 килограмм салмакта күч сынашчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0