Олимпиада оюнунун катышуучусу Петрашов атасы менен Жакартага машыгууга барат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСууда сүзүү спорту боюнча Азия чемпиону Денис Петрашов. Архив
Сууда сүзүү спорту боюнча Азия чемпиону Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында 38-орунду ээлеген. Ошондой эле улуттук курама команданын эң жаш оюнчусу болгон.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сууда сүзүү спорту боюнча Азия чемпиону Денис Петрашов 8-17 август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында атайын машыгуу өткөрө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарда КРдин курама командасындагы эң жаш спортчу Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: мелдешке чыга турган эң жаш спортчу Денис Петрашов тууралуу 5 факты
Маалыматка ылайык, Петрашов башкы машыктыруучулукту аркалаган атасы менен бармакчы. Алар 18-сентябрдан 2-сентябрга чейин Жакартада өтө турчу Азия оюндарына даярданууда.

Машыгуу үчүн спорттун олимпиадалык дирекциясы тарабынан 232 миң сом бөлүнгөн.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында 38-орунду ээлеген. Ошондой эле улуттук курама команданын эң жаш оюнчусу болгон. Петрашов 18 жашта.

Былтыр болсо Азия чемпиону аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0