ДКО: ат оюндары үчүн коюлган байгенин өлчөмү белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиге суурулуп чыккан чабандестер 300-350 миң сомдон алат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында өтө турган ат оюндарынын байгесине 4 миллион 360 миң сом коюлду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Бул каражат спорттун түрүнө жараша ар кандай бөлүнгөн. Ага ылайык биринчиге суурулуп чыккан чабандестер 300-350 миң сомдон алат.

Ат чабыш менен жорго салышка чыккандар:

Биринчи орун — 350 миң;

Экинчи орун — 250 миң;

Үчүнчү орун — 150 миң;

Төртүнчү орун — 100 миң.

Кунан чабыш менен бышты жорго оюндары:

Биринчи орун — 300 миң;

Экинчи орун — 200 миң;

Үчүнчү орун — 120 миң;

Төртүнчү орунга — 80 миң.

Кыска аралыкка ат чабуу:

Биринчи орун — 200 миң;

Экинчи орун — 100 миң;

Үчүнчү орун — 70 миң;

Төртүнчү орунга — 50 миң.

Алыскы аралыкка ат чабуу:

Биринчи орун — 300 миң;

Экинчи орун — 200 миң;

Үчүнчү орун — 100 миң.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Көчмөндөр оюндарында көк бөрүгө канча байге коюлары айтылды
Белгилей кетсек, алыскы аралыкка ат чабуу мелдешинде чабандес аргымагы менен 80 чакырымды басып өтүшү керек.

Ал эми Көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фондусу 26 615 000 сом суммасында бекитилген. Бул каражат оюндун программасына киргизилген спорттун 37 түрүнө бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар Оюндарга катыша тургандыктарын тастыкташты. Жалпы жонунан медалдын 594 комплектиси (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медалдар) ойнотулат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0