Көчмөндөр оюндарында 53 өлкөнүн спортчулары күч сынашмай болду

Жазылуу
Мелдешке катышуу үчүн жалпы 1946 спортчу өтүнмө жиберген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 53 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу катчылыктан билдиришти.

Кырчын жайлоосундагы боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында Кырчынга миңден ашуун боз үй тигилет
Маалыматка ылайык, жалпы мелдешке катышуу үчүн 1946 спортчу өтүнмө жиберген. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Иран, Түркмөнстан, Индия, Афганистан, АКШ, Тажикстан, Украина, Кытай, Шри-Ланка, Монголия, Франция, Польша, Белоруссия жана Болгариядан.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарада балбандар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Анда жалпы 26 миллион сомдон ашык байге менен 594 медаль ойнотулат.

Эске сала кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0