Бел курдан кармап ыргыта чап! ДКОдо өтчү түркмөн горешинин эрежеси

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧемпионат и первенство России по борьбе куреш
Чемпионат и первенство России по борьбе куреш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гореш — бел курдан кармап күрөшкөн түркмөндөрдүн улуттук спортунун бир түрү. Бул күрөштүн пайда болуу тарыхы байыркы доорго барып такалат. Түркмөндөрдүн той-аштары палвандардын мелдешисиз өтчү эмес. Ал муундан-мунга өтүп отуруп биздин заманга чейин жетти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет түркмөндөрдүн гореши менен тааныштырабыз.

Жалпы эреже

Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 26,6 миллион сом байге коюлду
Бүгүнкү күндө гореш Түркмөнстандагы массалык спорттук оюндардын катарын толуктайт. Мелдешке 18 жана андан жогорку жаштагылар катыша алат. Көчмөндөр оюндарында эркектер арасында өтмөкчү. Балбандар үч салмак категория боюнча (62 килограммга чейин, 82 килограммга чейин, абсолюттук салмак) күч сынашат. Бир мамлекеттен ар бир салмак категория боюнча жалгыздан гана спортчу катышууга укуктуу.

Кармаштын башталышы

Кармаш калыстын кыска ышкырыгы менен башталып, узун ышкырыгынын негизинде токтойт. Баштоо алдында балбандар ортого келип, кол алышат. Калыс балбандардын кийиминде тыюу салынган нерселердин бар-жогун текшерет. Арбитрдын жаңсоосу менен кармаш башталат.

Туруу — балбандар кандайдыр бир ыргытып чабуудан же кыймылдардан кийин турушу керек.

Бир упай — атаандашын капталды көздөй ыргытууда, жыгууда, буроодо курсак, төш, баш, ийин, тизе, жалпылап айтканда таманынан башка дене мүчөсү жерге тийгенде;

Тең болуу — көтөрүп чапканда, жыкканда, бураганда эки балбан тең бир убакытта жыгылса;

Таза жеңиш — атаандашын артка көтөрүп чапканда, жыкканда, бураганда жана далысын жерге тийгизгенде.

Кармаштын бүтүшү

— балбандардын бирөөсүнө таза жеңиш ыйгарылганда;

— техникалык упай менен бир топ (эки упай) алдыда болгондо;

— балбандардын бири же экөө тең мелдештен чыгарылганда же дисквалификацияланганда;

— кармашка берилген убакыт бүткөндө.

Кармаштын убакыт менен бүтүшү үн белгиси менен (гонг) билдирилет, андан кийин арбитр ышкырык менен токтотот.

Убактысы

— Мелдеш үч мүнөткө созулат. Тең чыгып калган учурда кыска кармашууга бир мүнөт убакыт берилет. Анда да жеңүүчү аныкталбаса балбандар кайрадан таразага түшүп, салмагы каршылашынан жеңил болгону утту деп саналат.

Балбандардын кийими

Вторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат
Балбандар килемге ак түстөгү шым, жашыл жана кызыл түстөгү спорттук көйнөк кийип, көк түстөгү кур тагынып чыгат.

Жашыл түстө кийинген балбан биринчи, кызыл түстөгүсү экинчи болуп чыкырылат. Курду байлап жатканда балбандын бир колу кур менен курсактын ортосунда болушу керек. Балбандардын жеңи чыканактан бүгүлөт. Бир колу менен курду ороп кармап, экинчи колун эркин таштайт. Башы атаандаштын ийининде же ийининин алдында болот.

Эскертүүлөр

Чабал күрөш жүргүзгөндө, ылдыйкы коргонууда туруп алганда, атайылап килемден чыгып кеткенде, баштапкы абалга жайынан келүүдө, башы менен бетке, ийинге же төшкө түрткөндө, кыска алып ыргытууга каршылык көрсөткөндө эскертүү берилет.

Эсептелбеген ыкмалар

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында 53 өлкөнүн спортчулары күч сынашмай болду
Эгер килемдин сыртында ыкма жасалса, кармаштын башталышы жөнүндөгү калыстын уруксатына чейин ыкма жасаса, калыс упай берүү үчүн ышкыргандан кийин ыкма жасаса эсептелбейт.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, соңку маалыматтар боюнча 53 өлкөнүн спортчулары күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0