Балбандарды килем үстүндө бийлеткен азербайжан гюлешинин эрежеси

Жазылуу
Гюлеш — Азербайжан элинин улуттук күрөшү. Кармаш өзгөчө башталат. Алгач балбандар жандуу музыканын коштоосунда килемдин үстүндө бир-эки мүнөт көнүгүү жасайт. Спортчулар килемдин ортосунда кол алышып, ийини менен бири-бирин түртүшөт, ошондо кимиси күчтүү экени байкалат. Андан соң кармашууга киришет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет азербайжан элинин гюлеши менен тааныштырабыз.

Мелдештин сүрөттөлүшү

Вторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат
Биринчи чакырылган балбан кызыл шаравар (азербайжан элинин улуттук шымы), экинчиси көк шаравар кийип чыгат. Спортчулар келе жатканда жандуу музыка жаңырып турат. Ийилип бири-бири менен учурашкандан кийин килемдин четинде отурган музыканттар гара зурна, балабан жана нагара аспаптары менен "жанги" музыкасын ойношот. Балбандар музыканын коштоосунда колдорун өйдө көтөрүп, бир мүнөт акробатикалык жана кыймылдуу көнүгүүлөрдү жасашат. Бул күрөштүн милдеттүү эрежеси. Бүткөндө калыстар "плюс", "минус" белгилери менен баалашат.

Мындан кийин кармаш башталат. Калыстын белгиси менен балбандар кол алышып, бири-бирине ийиндерин тийгизип, көкүрөкү менен түртүшөт. Күрөштүн башкы максаты — каршылашынын далысын килемге тийгизүү.

Мелдеш беш мүнөткө созулат, бул убакыттын ичинде эч кандай ыкма жасалбаса же тең чыгып калса, кармашууга чейинки көнүгүүдөн "плюс" баасын алган балбан утушка ээ болот. Жеңүүчү аягында сыймык бийин да бийлеши керек. Кармаш учурунда эгер спортчу суранса музыка коштоп турат. Бирөөсү жаракат алса же кийимин оңдош керек болсо күрөш 3 мүнөткө токтотулат. Эгер бул аралыкта кайра уланта албаса, ал утулду деп эсептелет.

Катышуучунун кийими

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
ДКО: ат оюндары үчүн коюлган байгенин өлчөмү белгилүү болду
Балбан кең шым (шаравар) жана коргоочу бандаж кийип чыгат. Шым кызыл жана көк түстөгү пахта кездемесинен тигилет. Ал эми бут кийими териден жасалып, анын таманы жумшак болушу шарт. Колуна шакек, билерик жана башка буюмдарды тагынууга тыюу салынат.

Командалык мелдештерде катышуучулар жүрүшкө спорттук кийим жана өз өлкөсүнүн эмблемасы менен чыгат.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, соңку маалыматтар боюнча 53 өлкөнүн спортчулары күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0