Алты эркектин арасында жалгыз кыз. Боксчулардан Азия оюндарына ким барат?

Жазылуу
Спортчуларды башкы машыктыруучудан сырткары дагы эки насаатчы коштоп барат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Жайкы Азия оюндарына катыша турган бокс боюнча курама команда аныкталды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Командада бир кыз жана алты эркек бала бар. Спортчуларды башкы машыктыруучудан сырткары дагы эки насаатчы коштоп барат.

Тизме:

Мирлан Түркбай уулу — 49 кг;

Азат Усеналиев — 52 кг;

Сирожидин Абдуллаев — 56 кг;

Арген Кадырбек уулу — 60 кг;

Нурлан Кобашев — 64 кг;

Абдурахман Абдурахманов — 69 кг;

Фарида Пупова — 60 кг;

Данияр Жусубалиев — башкы машыктыруучу;

Марат Шамаматов — машыктыруучу;

Ильяс Маров — машыктыруучу.

Спортчу ага-ини Муртазалиевдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтөт, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү.

Ал эми кыргызстандык спортчулар 28 түр боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес).

Жаңылыктар түрмөгү
0