WEF Global 13 турнири Чолпон-Атада өтөт. Тизмеде Барчынай Узгенбаева бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулатуу эр таймаш федерациясынын Global лигасы эң беделдүү деп эсептелинет, анда спортчулар чемпиондук кур үчүн беттешет.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 24-август күнү Чолпон-Ата шаарында аралаш мушташ боюнча WEF Global 13 турнири өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын WEF (World ertaymash Federation. — ред.) федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык турнирдин алкагында 20 беттеш өтмөкчү. Анын үчөөндө чемпиондук кур ойнотулат.

Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү
Наам үчүн кыргызстандык Нурлан Токтобакиев (93+) менен өзбекстандык Сухроб Рахимбеков, ошондой кыргызстандыктар Нурлан Курманалиев менен Бакытбек уулу Дүйшөбек 61 килограммда, Санжар Ажибаев менен Абдулгаджи Газиев 66 килограммда күч сынашат.

Айымдар арасындагы жалгыз беттешке Барчынай Узгенбаева (61 кг) менен өзбек мушкери Алина Брагина чыгат. Узгенбаева быйыл 14-майда WEF Global 12 турниринде атаандашын колду кайруу ыкмасы менен утуп алган болчу.

Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары катышат.

Негизи WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт.

"Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт;

"Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат;

"Proffight" — кесипкөй мушкерлер күч сынашат;

WEF "Global" — эң тажрыйбалуу мушкерлердин кармашы.

Жаңылыктар түрмөгү
0