БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Азия оюндарынан коло медаль утту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Исмаилов грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Үчүнчү орун үчүн кытайлык Чанг Гакун менен күрөшүп 6:1 эсебинде жеңип алды. Ушуну менен Кыргызстандын балбандары күрөштөн алты медаль утушту.Буга чейин Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болгон.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.
Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.
"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.
Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.
Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.
Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.
Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.
Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.
График: